Жаза аткаруу кызматы тергөө абагындагы ачкачылык тууралуу маалыматты төгүндөдү
Ал эми абактагыларга тергөө абагынын кызматкерлери күч колдонгону тууралуу маалыматка жооп берген жок. Мекеменин жетекчисине эч ким арыз менен кайрылган эмес деген маалымат берди.
Буга чейин Акыйкатчы институту абакта кармалгандардын сөзүнө таянып, анда 20дан ашык киши 20-декабрдан бери ачкачылык кармап жатканын билдирген.
Алардын ичинен эки адам акыйкатчынын атына арыз менен кайрылып, тергөө абагынын кызматкерлери күч колдонгонун тастыкташган.
"Аларды союл менен сабап, тепкилешкен. Денелеринде ур-токмоктун белгилери, шишиктер жана гематома бар экени аныкталган. Жабырлануучулар кылмыш чөйрөнүн өкүлдөрү. Алардын айтымында, аларга медициналык жардам да көрсөтүлгөн эмес", - деп билдирген Акыйкатчы институту.
Ошондой эле, абакта 21-декабрдан тарта айыпталуучулардын жана соттолгондордун жактоочулары менен жолугуу жадыбалы өзгөртүлүп, ага ылайык ишемби жана жекшемби күндөрү дем алыш күнү болуп эсептелине баштаганын кабарлаган.
Акыйкатчы институту чогултулган материалдарды Башкы прокуратурага жөнөткөнүн жана Акыйкатчы Жамийла Жаманбаева камакка алынгандардын арыздарын жеке көзөмөлүнө алганын билдирген.
Апта башында социалдык тармактардын колдонуучулары абак жайларда кармалып тургандар ачкачылык жарыялаганын, айрымдары сабалганын жазышкан. 23-декабрда ондон ашык киши ушундай талап менен аталган тергөө абагынын алдына чогулган, алар абакта кармалган жакындары менен жолуктурууну талап кылышкан.
Жаза аткаруу кызматы мындай маалыматты төгүндөп, жабык жайлар штаттык режимде иштеп жатканын билдирген. (MKt)