Добавить новость
ru24.net
World News
Декабрь
2024
1 2 3 4 5 6 7 8 9 10 11 12 13 14 15 16 17 18 19 20 21 22 23 24 25 26
27
28
29
30
31

Татарстанда фермадагы өрт алты мигранттын өмүрүн алды

0
Орусияга караштуу Татарстан жумуриятынын Елабуга районундагы ферма комплексинде тутанган өрт алты мигранттын өмүрүн алды. Бул тууралуу Тергөө комитетинин жергиликтүү бөлүмү Телеграм аркылуу билдирди.


Окуя 24-декабрга караган түнү болгон. Маалыматка караганда мал чарба комплексинин аймагындагы жыгачтан курулган үйдө өрт тутанган маалда 40тай мигрант бар болчу. Алар бул жайда убактылуу баш калкалап турушкан. 33 киши сыртка чыгууга үлгүрүшкөн. Өрт өчүрүлгөндөн кийин алты эркектин сөөгү табылган.


Каза болгондордун көбү Өзбекстандын жарандары экени кабарланып жатат.


Алдын ала маалыматтарга ылайык, өрттүн тутанышына электр жабдыгын туура эмес колдонуу түрткү болгон. Тилсиз жоо 300 чарчы метрдей аянтты каптаган.




Татарстандын тергөө комитети кокустуктан адам өлүмүнө жеткирүү, шалаакылык мыйзамсыз миграция уюштуруу беренелери боюнча кылмыш ишин козгоду.


Республиканын президенти Рустам Минниханов тиешелүү кызматтарга фермалардын баарындагы жумушчулар убактылуу баш калкалаган жайларды текшерүүнү тапшырды.




 



Moscow.media
Частные объявления сегодня





Rss.plus




Спорт в России и мире

Новости спорта


Новости тенниса
Елена Рыбакина

Драму Елены Рыбакиной назвали главным шоком года






Стубб обвинил Россию в причастности к поломке кабеля между Эстонией и Финляндией

В Раменском округе досрочно открыли новый путепровод у станции «Быково»

Алексей Моргунов: Классическая музыка смягчает сердца

Москва передала в долгосрочную аренду 10 объектов спорта за два года