Добавить новость
ru24.net
World News
Декабрь
2024
1 2 3 4 5 6 7 8 9 10 11 12 13 14 15 16 17 18 19 20 21 22 23 24 25 26 27 28 29
30
31

Касымалиев электрондук коштомолор жоюлбай турганын, бирок жөнөкөйлөтүлөрүн айтты

0
Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматында Министрлер кабинетинин төрагасы – Президенттин администрациясынын жетекчиси Адылбек Касымалиев кеңешме өткөрдү.


Өкмөттүн сайты кабарлагандай, анда салык чөйрөсүндөгү коррупцияга каршы күрөшүүнүн актуалдуу маселелери, электрондук товардык-транспорттук коштомо кагаздарды (ЭТТК-ЭТТН) киргизүүнүн жүрүшү, отчеттуулукка байланышкан көйгөйлөрдү жоюу, электрондук системалардын иштеши сыяктуу маселелер талкууланды.


Адылбек Касымалиев ЭТТКны жоюуга жол берилбестигин айтып, бирок бул процессти жөнөкөйлөтүү боюнча иштер жүргүзүлөрүн жана электрондук коштомолор талап кылынган товарлардын тизмесин кайра карап чыгуу мүмкүнчүлүгү изилденерин кошумчалады. Ал ЭТТКны жөнөкөйлөтүү боюнча иштей турган атайын комиссия түзүлөрүн кошумчалады.



Министрлер кабинетинин төрагасы ишкерлер отчет тапшырууда кездешкен кезек күтүүнү жана электрондук системалардын иштөөсүндөгү мүчүлүштүктөрдү тез арада жоюуну тапшырды.


Мамлекеттик салык кызматынын жаңы дайындалган жетекчиси Алмамбет Шыкмаматов менен Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Данияр Амангелдиев 23-декабрда Жогорку Кеңештин Бюджет, экономика жана фискалдык саясат комитетинде ЭТТК маселесине байланыштуу кайым айтыша кеткен.


Шыкмаматов буга чейин өкмөт киргизген “электрондук товардык-транспорттук коштомо кагазы товардын бардык түрлөрүнө эмес, беш гана товарга киргизилиши керек” деген пикирин билдирген. Ал "Кыргызстанда сатылып жаткан товардын саны 13 миндей экенин белгилеп, анын баарына ЭТТК алууга мүмкүн эмес" деген жүйө келтирди.


Мындан соң Данияр Амангелдиев сөз алып, Шыкмаматовдун электрондук товардык-транспорттук коштомо кагаз тууралуу сөзү анын жеке пикири экенин, ал дагы талкууланышы керектигин айткан. Буга Шыкмаматов кайра жооп кайтарып, буга чейин ЭТТКны киргизүүдө тиешелүү анализ жок болгонун билдирген.


Кийин президенттин басма сөз катчысы Аскат Алагөзов Фейсбукта пост жазып, Садыр Жапаров Министрлер кабинетинин жаңы дайындалган төрагасы Адылбек Касымалиевге жана Салык кызматынын төрагасы Алмамбет Шыкмаматовго салыкты жеңилдетүү тапшырмасын бергенин билдирген.


Кыргыз өкмөтү 2022-жылдын башынан тарта өлкөдө фискалдык реформа деген негиз менен көзөмөл-кассалык машина, электрондук эсеп-фактура жана электрондук товардык-транспорттук коштомо кагазы өңдүү салыктык башкарууну санариптештирүү иштерин жүргүзүп келет. Салыктык башкаруунун татаалдашуусу менен кошо эле салыктын жүгү да өсүп жатканын белгилеген соодагерлер жана ишкерлер базарларда нааразылык акцияларын өткөрүшкөн. (ErN)



Moscow.media
Частные объявления сегодня





Rss.plus




Спорт в России и мире

Новости спорта


Новости тенниса
Юлия Путинцева

Путинцева откровенно высказалась о России






Зимой в Парке Горького Москвы будут показывать интерактивные спектакли

МТС включила связь и интернет на трех новых станциях Московского метрополитена

Евгений Суровецкий: Обыкновенная жизнь в необыкновенном веке. Продолжение

Что происходило в Якутске в конце декабря 1912 года