Добавить новость
ru24.net
World News
Декабрь
2024
1 2 3 4 5 6 7 8 9 10 11 12 13 14 15 16 17 18 19 20 21 22 23 24 25 26 27
28
29
30
31

Орунтаев Бишкекте эски үйлөрдү жаңылоо 2025-жылы башталарын маалымдады

0
Бишкек шаарындагы көп кабаттуу эски үйлөрдүн ордуна жаңы, көп батирлүү үйлөрдү куруу жумуштары – реновация өнөктүгү 2025-жылдын алгачкы айларында башталат. Бул тууралуу Министрлер кабинетине караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин директору Нурдан Орунтаев 25-декабрдагы басма сөз жыйынында айтты.


“Реновация болмоюнча өнүгүү болбойт. Бишкек же Ош болобу, жер жок. Жаңылануу керек бизге. Эски турак үйлөрдү бузуп, ордуна жаңысын салалы. Эң жакшы деген Манас проспектисиндеги үйлөр 70-80 жылдан бери турат. Ооба, архитектуралык мурас жөнүндө айткандар бар. Алар эми 1700-1800-жылдары салынган болсо да бир жөн. Ошондуктан бир типтүү үйлөрдү бузуу кажет. Алардын астында пайдубалы жок, дубалдарын бириктирген ленталары жок. Аны сактап калууга мүмкүн эмес. Кандайдыр бир кырсык болуп кетсе, суроолор көп болот”, - деди Орунтаев.


Орунтаев реновация коңшу өлкөлөрдө ийгиликтүү ишке ашып келатканын да белгилеп, азыркы тапта Бишкекте канча үйдү бузууга туура келери белгисиз экенин кошумчалады.


Реновациянын эрежелери 2025-жылы иштелип чыгат. Бул боюнча курулуш компаниялар Мамлекеттик агенттикке кайрыла элек.


Аталган агенттик Бишкек шаарындагы көп кабаттуу эски үйлөрдүн ордуна жаңы, көп батирлүү үйлөрдү куруу мүмкүнчүлүгүн караштырып жатканын Нурдан Орунтаев 26-ноябрда жарыялаган. Ал негизинен “сталинка”, “хрущевка” деп аталган үйлөр жаңыланарын айткан.



Орунтаев бул үчүн америкалык заманбап программа сатып алынганын, инвестиция тартыларын жана мамлекеттик бюджеттен акча салынарын тактаган.


Инвестор программанын алкагында жер тилкесин сатып алууну кааласа, тиешелүү органдарга кайрылат жана ага уруксат алат. Андан кийин сүрдүрүлө турган үйдүн тургундарына барып, алар менен сүйлөшөт. Ал батирлерди базар баасында сатып алат же башка жолдорун таап сүйлөшөт. Аягында эски үйдү сүрүп, ордуна жаңысын тургузат.


Расмий маалыматтарга караганда, союз убагында Бишкекте 1500дөн ашуун көп кабаттуу үй курулуп, пайдаланууга берилген. Алардын пайдалануу мөөнөтү 50-70 жыл деп эсептелген. (ErN\KS)



Moscow.media
Частные объявления сегодня





Rss.plus




Спорт в России и мире

Новости спорта


Новости тенниса
ATP

По стопам Синнера и Алькараса: молодёжный Итоговый турнир ATP выиграл 18-летний бразилец






На Брянщине отдали дань памяти генералу Кириллову, который служил в Клинцах

«Битва роботов» попала в топ спортивных трансляций VK Видео в 2024 году

Лифинцев: на чемпионате мира по плаванию в Будапеште я был загадочным парнем, о котором никто не знает

В Калуге восстановили две советские вывески "Одежда"