Добавить новость
ru24.net
World News
Декабрь
2024

Министрдин орун басары "Бишкекте мурдагыдай ыш жок" деп айтты

0
Өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары Эделбек Кулматов Бишкекте “кара түтүн жылдан-жылга азайып жатканын” Жогорку Кеңештин 25-декабрдагы жыйынында билдирди.


Депутат Айсулуу Мамашова соңку күндөрү Бишкекте жана анын тегерегиндеги айылдарды ыш катуу каптаганын белгилеп, өкмөттүн бул багыттагы иштерине кызыкты.


Мамашовага жооп берем деп сөз алган Кулматов Министрлер кабинетинин алдында түзүлгөн мекеме аралык комиссия иш алып барып жатканын, анын алкагында Бишкектеги 3 миңдей маршруттук кичи автобустар чыгарылганын, 40-50гө жакын социалдык имараттардын жылытуу системасы көмүрдөн газга өткөнүн, жылуулук электр борбору оңдоодон өтүп, абаны мурдагыдай булгабай калганын билдирди.


Жарандар ар кандай сапаттагы көмүр сатып алганы да абанын булганышына алып келип жатканын кошумчалады.


“Эки-үч себеп катары жылуулук электр борборунун бир бөлүгү, унаалардан чыккан зыяндуу заттар жана калктуу конуштардын көмүр жакканы болууда. Өкмөт бардык жарандарга газ отказандарын бере албайт, ар ким шартына жараша жагып атат. Эски машиналарды шаарга тыюу салып, киргизбей коё албайбыз. ЖЭБди толук газдаштыруу чоң чыгымды талап кылат, азырынча ага бюджет да, “Газпромдун” да мүмкүнчүлүгү жетпейт экен. Адистер айтып жатышат, жылдан-жылга зыяндуу үч-төрт заттын саны азайды. Воронцовка же Чоң-Арыкка чыксаңыздар, Бишкектин үстүндө мурдагы жылы болуп жаткан кара түтүн жок. Жылдан-жылга азайып атат”, - деди Кулматов.


Депутат Мамашова ыш жоголду деген билдирүүгө макул эместигин айтып, кагаз түрүндө жакшы болгону менен, Бишкек дүйнө жүзү боюнча абасы эң кир шаарлардын тизмесинде алдыңкы үчтүккө кирип жатканын айтып, министрдин орун басарынын мындай жообун сынга алды.




Депутат Исхак Масалиев да ыш маселеси кайра тереңдеп жатканын, мындай шартта өзгөчө абал режимин киргизүүгө негиз бар экенин айтты.


Ушул эле күнү Жогорку Кеңештин жыйынында айрым депутаттар Бишкекте ыш коюу түшүп жатканын белгилеп, өкмөттүн жасап жаткан иштери боюнча маалымат угууну сунуштаган.


World Air Quality уюмунун иликтөөсүндө 24-декабрда Бишкек абанын булганышы боюнча дүйнөдө биринчи орунга чыкты. Уюмдун абанын сапаты тууралуу индексинде Бишкектин борборундагы көрсөткүч (AQI) саат 16:00гө карата 356ны көрсөтүүдө. Калаанын башка бөлүктөрүндө индекс кечээ өтө кооптуу чектен - 600-760тан ашып кеткен.


Аба таза болушу үчүн бул көрсөткүч 50дөн ылдый болушу керек.


Сайттагы маалыматта Бишкектеги абалга "адам өмүрү үчүн өтө коркунучтуу" деген баа берилип жатат. Индекс абанын сапатына жараша саат сайын жаңыланып турат.


Баш калаада акыркы жылдарда абанын булганышы башкы экологиялык маселеге айланды.

Жыл сайын айрыкча күз-кыш мезгилинде, жылытуу сезону башталган учурда баш калааны каптаган ыш, түтүн күч алып, экология маселеси курчуйт.


Азыр көчө эле эмес, үйлөрдүн, имараттардын ичин да ыш, түтүн каптап жатат.




Соцтармактарда ыш көйгөйү күчөгөнү тууралуу видео, сүрөт, посттор жарыяланууда. (TAb)



Moscow.media
Частные объявления сегодня





Rss.plus




Спорт в России и мире

Новости спорта


Новости тенниса
Australian Open

Российская теннисистка Калинская снялась с Открытого чемпионата Австралии






Набор для похмелья в Амурской области будет самым недорогим на Дальнем Востоке

Внутри пусто и горько: семь ярких признаков, что вы в кризисе среднего возраста

«Жаль, кота в суд не пустят». Мама осужденной Жени Беркович Елена Эфрос девять лет поддерживает политзеков письмами — как и дочь, она не теряет самообладания и юмора

Производитель промышленных роботов наладил выпуск в ОЭЗ «Технополис Москва»