Добавить новость
ru24.net
World News
Декабрь
2024

АКШдан рекорддук сандагы мигранттар депортацияланды

0
АКШнын Иммиграция жана бажы кызматы быйыл Жо Байдендин администрациясы акыркы 10 жылда болуп көрбөгөндөй сандагы мигранттарды депортациялаганын билдирди. Бул тууралуу «Америка добушу» радиосу кабарлады.


Мекеменин отчетуна ылайык, быйыл 270 минден ашуун киши 192 өлкөгө чыгарылды.


Мындай жылдык жогору көрсөткүч 2014-жылдан бери каттала элек болчу.


Кызмат муну дипломатиялык аракеттердин күчөтүлгөнү менен түшүндүрөт. Вашингтон акыркы кезде башка мамлекеттердин өкмөттөрүн депортацияланган жарандарын кабыл алууга көндүрө алды. Мисалы Африка жана Азиянын айрым өлкөлөрү АКШдан чыгарылгандарды мурда кабыл алчу эмес. Азыр ал жактарга көбүрөөк мигрант чыгарылган.


Маалыматка караганда, Дональд Трамптын тушунда, 2019-жылы 267 миң киши депортацияланган. Эми шайланган президент «мигранттарды депортациялоо боюнча массалык операция» жүргүзөрүн айтып келатат.


Pew изилдөө борборунун эсептерине караганда, АКШда 11 миллиондой мигрант мыйзамсыз жашайт.




 



Moscow.media
Частные объявления сегодня





Rss.plus




Спорт в России и мире

Новости спорта


Новости тенниса
Елена Рыбакина

Елена Рыбакина раскрыла подробности о проблемах со здоровьем в прошлом году






Чемпион России Фещенко был убит в здании Минобороны из-за конфликта с военным

В МИД России оценили возможность контактов России и США после инаугурации Трампа

Юрист Паушкина назвала категорию работников, чья зарплата в январе будет меньше

В Мытищах семье мигрантов предоставили квартиру по государственному сертификату