Добавить новость
ru24.net
World News
Декабрь
2024
1 2 3 4 5 6 7 8 9 10 11 12 13 14 15 16 17 18 19 20 21 22 23 24 25 26 27 28 29
30
31

Адвокат Матцаковдун иши: Сот 30-декабрга жылды

0
Абактагы адвокат Самат Матцаковдун иши боюнча Бишкек шаардык сотундагы отурум 30-декабрга жылды. Буга Матцаковдун ооруп калып, сотко алып келинбегени себеп болду.


Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) камакта жаткан ишкер Имамидин Ташовдун, үч жылга кесилген акын Аскат Жетигендин жана журналист Актилек Капаровдун адвокаты Самат Матцаковду 29-ноябрда кармаган.




Бишкектин Биринчи май райондук соту анын бөгөт чарасын 30-ноябрга караган түнү аныктап, 30-декабрга чейин УКМКнын тергөө абагына камакка алган. Анын адвокаттары соттун чечимине каршы апелляциялык арыз менен Бишкек шаардык сотуна арызданган.


Атайын кызмат адвокатка козголгон иш тууралуу алты күндөн кийин гана – 5-декабрда маалымат берип, ага Кылмыш-жаза кодексинин “Алдамчылык” жана “Документтердин жасалмасын жасоо” беренелери менен кылмыш иши козголгонун кабарлаган.


Самат Матцаков өзүнүн кармалышын абактагы ишкер Имамидин Ташовдун ишине байланыштырып, күнөөсү жок экенин билдирген.


3-декабрда Кыргызстанда бир нече жактоочу Самат Матцаковго кылмыш иши козголуп, анын камакка алынышын айыптап чыгышкан. Алар маалымат жыйын өткөрүп, бул окуядан кийин адвокаттык ишмердиктин мыйзамда көрсөтүлгөн кепилдиктерине коркунуч жаралганын белгилешкен. (MKt/TAb)



Moscow.media
Частные объявления сегодня





Rss.plus




Спорт в России и мире

Новости спорта


Новости тенниса
ATP

ATP опубликовала окончательный рейтинг теннисистов по призовым, заработанным в 2024 году






Русская девушка Джонни Деппа рассказала о важных переменах в её жизни

Почему важно проходить ТО у официального дилера?

Как поступить в онлайн-школу

Москва разная