Добавить новость
ru24.net
World News
Декабрь
2024

Жарандар үйлөргө газ киргизүүгө бөлүнгөн 1 млрд сомдун 31 млн сомун гана колдонду

0
“Бишкек шаарын жана Чүй облусун газдаштыруу боюнча жеңилдетилген каржылоо-2” долбоорунун алкагында жыл башынан бери 249 үй ээлери 31,48 млн сом жеңилдетилген насыя алып, үйлөрүнө көгүлтүр отун киргизди. Бул тууралуу Финансы министрлиги кабарлады.


Министрлер кабинетинин 15-марттагы тескемеси менен бул максат үчүн 1 млрд сом каралган эле. Жеке үйлөргө газ киргизүү үчүн берилчү насыялар “Айыл Банк” жана “Элдик Банк” аркылуу 8%дык үстөк менен берилип турган.


Финансы министрлиги тургундардын аталган насыяларды аз алган себебине түшүндүрмө берген жок.


2023-жылы аталган долбоордун биринчи айлампасында бул максат үчүн 1 млрд сом каралып, анын 4 млн сому гана насыя катары берилген. Анда Бишкек шаары менен Чүй облусунун 34 тургуну гана бул максат үчүн насыя алган.


Бишкек шаарын ыш каптоо күчөгөндөн бери бийлик шаар четиндеги конуштарды газдаштырууга басым жасап, тургундарды үйлөрүн газ менен жылытууга өтүүгө чакырып келет. Жарандар бул процесстин кымбат экенин айткандан улам жеңилдетилген насыя берүү башталган.


“Кыргызгаз” компаниясы Орусиянын “Газпром” компаниясына 2014-жылы символикалуу түрдө 1 долларга сатылып, "Газпром Кыргызстан" компаниясы деп аталып калган. Кыргыз өкмөтү муну Бишкектин жакасындагы конуштарга жана башка айылдарга газ жеткирүү, Ошту көгүлтүр отун менен үзгүлтүксүз камсыз кылуу, өлкөнүн газ системасын жаңылоо өңдүү маселелерди чечүү максаты менен түшүндүргөн.


2014-жылдагы Кыргызстанды газдаштыруу 22%ды түзсө, 2024-жылы бул көрсөткүч 40% чейин өскөнү расмий маалымдалган. “Газпром Кыргызстан” 2030-жылга чейин Кыргызстандын газ менен камсыздоону 60% чейин жеткирүү далалатын билдирип келет. (ErN)



Moscow.media
Частные объявления сегодня





Rss.plus




Спорт в России и мире

Новости спорта


Новости тенниса
Ирина Хромачёва

Ирина Хромачёва и Анна Данилина вышли в 1/4 финала парного турнира в Брисбене






"Иисус из УСБ": Сенсация: "Z" и "АЗ" в нейро орудиях СВО. Доработка "Орешника". Много Нато не надо хорошим друзьям! Новости. Россия, США, Европа могут улучшить отношения и здоровье общества?!

Отходы в красивой банке: названы марки кофе, которые лучше не покупать даже по большой скидке

Москвичи рассказали, какие обещания дают себе накануне 2025 года

Минэкономразвития России расширит пошлины на парфюмерию с 2025 года