Добавить новость
ru24.net
World News
Декабрь
2024

Кыргызстанда ачылган мамлекеттик дарыканалардын саны 100гө жетти

0
27-декабрда Бишкек шаарындагы №8 Үй-бүлөлүк медицина борборунда кезектеги “Эл Аман” мамлекеттик дарыканасы ачылды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлиги кабарлады.


Ачылыш аземине саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев катышып, бул өлкөдөгү 100 мамлекеттик дарыкана экенин айтты.


“Мамлекеттик дарыканалардын ачылышы — биздин өлкөнүн ар бир жашоочусу үчүн сапаттуу дары-дармектердин жеткиликтүүлүгүн камсыздоого жасалган кадам. Биз дары-дармектер жеткиликтүү гана эмес, сапаттын бардык стандарттарына жооп бере турган дарыкана тармагын түзүүгө умтулабыз. Бүгүнкү күндө республика боюнча 100-мамлекеттик дарыкана ачылды жана биз жылды бүткүл республика боюнча 100 дарыкана уюштуруу менен жыйынтыктоо максатыбызга жеттик”, – деди министр.


2023-жылы мамлекеттик дарыканаларды ачуу чечими кабыл алынып, "Кыргызфармация" ишканасы түзүлүп, бюджеттен 1 миллиард сом бөлүнгөн. Ал мамлекеттик медициналык мекемелерди дары-дармек менен жеткиликтүү баада камсыз кылуу саясатын ишке ашырат. Буга чейин ооруканалар дарыларды тендер аркылуу квартал сайын өздөрү сатып алып турушкан.


2024-жылдын май айында өлкө боюнча ачылган “Эл Аман” деп аталган мамлекеттик дарыканалардын саны 90го жакындаганы расмий кабарланган. Мамлекеттик дарыканалар тармагы 30 чет элдик жана жергиликтүү өндүрүүчүлөр менен жана дары-дармектер менен медициналык буюмдарды жеткирүүчүлөр менен кызматташат.


Мамлекеттик дарыкана пункттарындагы ассортимент дарыканалар жайгашкан саламаттык сактоо уюмунун өзгөчөлүгүнө, сатуунун деңгээлине жана саламаттыкты сактоо уюмдарына жараша 2500дөн ашык фармацевтикалык продукцияны түзөт.


Саламаттык сактоо министрлиги “Эл Аман” мамлекеттик дарыканаларында чекене баалар өлкөдөгү жеке дарыканаларга караганда орто эсеп менен 10-20% төмөн экенин билдирүүдө. Ошондой эле Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун жеңилдетилген рецепттери менен дары-дармектер “Эл Аман” дарыканалары аркылуу рецептке жана бейтаптын оорусуна жараша 50%дан 100%га чейин арзандатуу менен элге сатылары маалымдалды.


Мурдараак айрым депутаттар мамлекеттик "Эл Аман" дарыканаларында кээ бир дарылар кымбат же такыр жоктугун белгилешип, жарандар чет элден буйрутма менен алууга мажбур болуп жатканын билдиришкен. Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев муну каржынын тартыштыгы менен түшүндүрүп, дары-дармектер менен толук камсыздоо жагы акырындык менен чечилип келатканын айткан.


Дары сатуу Кыргызстанда кирешелүү бизнес катары сыпатталат. Өлкөгө дарылардын 97% чет жактан импорттолот. Саламаттык сактоо министрлиги препараттардын көбү Орусия, Кытай, Индия, Өзбекстандан алынарын маалымдаган. Жергиликтүү өндүрүшчүлөр 180 аталыштагы дарыларды чыгарат.


Мамлекеттик реестрге Кыргызстанга ташып келүүгө уруксат берилген алты миңден ашуун дары-дармек катталган. Расмий эсепте Кыргызстанга дары ташыган компаниялардын саны 200дөн көп. Ал эми дарыканалардын саны 3200дөн ашык. Теңинен көбү Бишкек шаарында жайгашкан. (ErN)



Moscow.media
Частные объявления сегодня





Rss.plus




Спорт в России и мире

Новости спорта


Новости тенниса
Айла Томлянович

Теннисистка Шнайдер победила Томлянович и впервые сыграет в третьем круге AO






У самолёта рейса Петербург – Москва отказала противообледенительная система крыла

Савеловский суд Москвы продлил арест Блиновской до мая

Старика-педофила из Москвы посадили на 10,5 лет за растление маленькой внучки

Путин и президент Ирана Пезешкиан обсудят ситуации в Газе и Сирии