Добавить новость
ru24.net
World News
Декабрь
2024

Коомдук ишмер Орозбек Дүйшеевдин сөөгү "Ала-Арчага" коюлду

0
Коомдук ишмер Орозбек Дүйшеевдин сөөгү 28-декабрда жерге берилди. Ал Бишкектеги үйүнөн узатылып, сөөгү "Ала-Арча" көрүстөнүнө коюлду.


Орозбек Дүйшеев 27-декабрь түндө, 93 жашында дүйнөдөн кайткан.



Кыргыз Республикасынын өнөр жай тармагынын Эмгек сиңирген кызматкери, Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты, геолог Орозбек Дүйшеев 1932-жылы, 1-апрелде Талас облусунун Көк-Таш айылында туулган.


1955-жылы Москвадагы Тоо-кенчилер институтун аяктаган.



Эмгек жолун Кызы-Кыядагы көмүр шахтасында баштап, өмүрүнүн дээрлик бардык учурун тоо-кен тармагына арнаган. Бул тармакта жетекчилик кызматтарды аркалап жүрүп, 2000-2005-жылдары Коммунисттер партиясынан Жогорку Кеңешке депутат болгон.



Өмүрүнүн аягында Кыргызстандагы Коммунисттер партиясынын бюро мүчөсү, Тоо-кенчилер ассоциациясынын жетекчиси, Геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттиктин байкоочу кеңешинин төрагасы болуп турган.



II жана III даражадагы Манас ордендеринин ээси. Дагы башка бир катар мамлекеттик сыйлыктар менен сыйланган.


"Кыргызстандын өнөр жай тармагынын Эмгек сиңирген кызматкери", "СССРдин Приборкуруусунун отличниги" сыйлыктарын алып, Кыргызстандын Инженердик академиясынын академиги болгон.




 



Moscow.media
Частные объявления сегодня





Rss.plus




Спорт в России и мире

Новости спорта


Новости тенниса
WTA

Российские теннисистки в парной категории выиграли турнир WTA-500 в Австралии






Baza: выступление Стивена Сигала в Москве стоит 200 тысяч евро

Money.pl: Путин ответом на санкции устроил неприятности западным компаниям

Поменял модель на юриста: 65-летний миллиардер Лебедев после разрыва с Перминовой отдыхает с Катей Гордон

Baza: Стивен Сигал готов выступить на корпоративе в Москве за 200 тыс евро