Добавить новость
ru24.net
World News
Декабрь
2024

Путин "чет өлкөлүк агенттерге" Орусияда киреше табууга тыюу салды

0
Орусиянын президенти Владимир Путин "чет өлкөлүк агенттер" тизмесине кирген жарандарга өлкө аймагында пассивдүү киреше алууга тыюу салган мыйзамга кол койду.



Мыйзам "чет өлкөлүк агенттердин" тизмесине кирген жарандарга дивиденд, автордук укук, мүлктү ижарага берүү аркылуу киреше табууга тыюу салат. Мындан тышкары чектөөлөр кыймылсыз мүлк жана транспорттук каражаттарды сатуудан түшкөн кирешеге да тиешелүү.



Мыйзамга ылайык, бул жактардан түшкөн киреше атайын эсепке түшөт да, акча ээсине ал "чет өлкөлүк агенттердин" тизмесинен чыгарылгандан кийин гана берилет. Орусиянын мыйзамдары агенттердин тизмесине адамдарды оңой эле киргизүүгө мүмкүнчүлүк берет, ал эми андан чыккан учурлар өтө сейрек.



Бул мыйзамдын автору болуп Мамлекеттик думанын 450 депутатынын 429у белгиленген.



Укук коргоочу уюмдар Орусиянын "Чет өлкөлүк агенттер" тууралуу мыйзамын адам укугуна каршы келет деп сындашкан.




АКШ, Европа Биримдиги жана эл аралык укук коргоо уюмдары "чет элдик өкүл" мыйзамын Орусия президенти Владимир Путин эркин ойлонгон жарандарды жана көз карандысыз  институттарды басуу үчүн колдонуп жатат деп сындап, айыптаган.



Орусия бийлиги мунун баарын четке кагып, "чет өлкөлүк агенттердин" тизмесин жана ага жарандарды киргизүү шарттарын кеңейтүүнүн үстүндө иштеп келет.




 



Moscow.media
Частные объявления сегодня





Rss.plus




Спорт в России и мире

Новости спорта


Новости тенниса
WTA

Кудерметова проиграла Соболенко в финале турнира WTA в Брисбене






РАН: Иран продолжит ориентироваться на Россию и Китай во внешней политике

В можайском парке «Ривьера» прошел детский праздник

Южная Корея и США осудили запуск северокорейской ракеты средней дальности

ПРОДАМ: Станок вертикально-сверлильный настольный OPTIMUM B16