Кыргыз-тажик өкмөт башчылары эки тараптуу кызматташтыкты талкуулады
Тараптар эки тараптуу мамилелерди өнүктүрүүнүн келечегин талкуулашты. Ошондой эле өкмөттүк делегациялардын жолугушууларынын жыйынтыгы менен кыргыз-тажик чек арасынын калган тилкелеринин долбоордук сыпаттамасы аяктаганын белгилешти.
Өкмөт башчылар эки элдин ортосундагы байланышты чыңдоого өбөлгө түзүүчү багыттар боюнча өз ара кызматташтыкты мындан ары өнүктүрүүгө каалоосун билдиришти.
Ошондой эле чек ара иштери аяктагандан кийин кызматташтыкты тереңдетүүгө жана эки өлкөнүн калкы үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүүгө басым жасоону көздөшөрү айтылды.
Кыргызстан менен Тажикстандын жумушчу тобу мамлекеттик чек аранын долбоордук линиясын мыйзамдуу түрдө каттоого материалдарды даярдоо үчүн Бишкекте иштеп жатканы кабарланган.
4-декабрда кыргыз-тажик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо маселеси боюнча өкмөттүк жумушчу топтор бардык тилкелер боюнча тактоо иштерин аяктаган.
Президент Садыр Жапаров 13-декабрда кыргыз-тажик чек арасы тууралуу маек берип, “талаш болуп келген жерлерди теңме-тең (50/50) бөлүштүк. Айрым жерлерди теңме-тең алмашуулар болду” деп айткан.
Эки өлкөнүн чек арасынын жалпы узундугу 972 чакырым.
Чек ара такталбагандыктан буга чейин суу, жер, жол, жайыт талаштан улам аймакта көп чыр-чатак чыккан. 2021-жылы апрель-май жана 2022-жылы сентябрь айларында кандуу кагылышуулар болгон. (ZKo)