Актаудагы кырсыкта жаракат алган жигитти Кыргызстанга алып келүү үчүн учак даярдалды
"Актаудагы авиакырсыктан жабыркаган Кыргызстандын жараны Ринат Асановду өлкөгө алып келүүгө учак даяр. Бирок анын учурдагы абалы оор, тагыраак айтканда учакта алып келүү кооптуу. Дарыгерлер уруксат берсе эле жараныбызды учак менен алып келишет. Ошондуктан азырынча жергиликтүү ооруканада медициналык жардам көрсөтүлүп, дарыланууда", - деп жазды ал.
Алагөзов дагы эки кыргызстандык жарандын абалы канааттандырарлык жана дүйшөмбү күнү ооруканадан чыгарыла турганын саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиевдин маалыматына таянып билдирди. Министр бул тууралуу президент Садыр Жапаровго маалымдаган.
Баку-Грозный каттамындагы Embraer 190 жүргүнчү учагы 25-декабрда Казакстандын Актау шаарынын жанында кулаган.
Борттогу 67 кишинин 38и каза болду, калгандары, арасында кыргызстандык үч жаран жараат алган. Бирөөнүн абалы оор экени кабарланган.(ZKo)