Добавить новость
ru24.net
World News
Декабрь
2024

Ысык-Көлдө селден жабыркагандардын айрымдарына үйлөр берилди

0
Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Ысык-Көл районуна караштуу Садыр-Аке айыл аймагында селден жабыр тарткандарга жаңы салынган үйлөрдү тапшырды. 


Жараксыз абалга келген 29 турак жайдын ичинен беш үй курулуп бүттү, үч киши башка жерлерден там сатып алса, дагы 21 үй салынып жатат.


Расмий маалымат боюнча, президенттин фондунан бир жолку материалдык жардам көрсөтүү үчүн 75 миллион 900 миң сом бөлүнүп, жабыркагандарга топтогон документтеринин негизинде каражат берилген.


Ага ылайык, 32 адамга 1 миллион сомдон, 41 кишиге 500 миң сомдон, 234 тургунга 100 миң сомдон берилди.


18-августтун кечиндеги нөшөрдөн улам кокту-колоттон келген селден Ысык-Көлдүн Темир, Кашат, Бостери, Корумду, Булан-Сөгөттү айылдарында жана Чолпон-Ата шаарынын айрым көчөлөрүндөгү 500гө жакын турак үйдү суу каптап, айрымдары жараксыз абалга келген.


Мындан тышкары “Аврора”, “Аврора плюс”, “Карвен”, “Нептун”, “Семиран” пансионаттарынын короосуна суу кирген. Селден Темир айылы эң көп жабыр тарткан. (BTo)




 



Moscow.media
Частные объявления сегодня





Rss.plus




Спорт в России и мире

Новости спорта


Новости тенниса
WTA

WTA официально приняла решение по Рыбакиной






Екатеринбург превратится в звёздную галактику на фестивале «Не темно»

От чистого сердца: как «Добрая елка» помогла исполнить мечты маленьких москвичей

Сыктывкар может стать Усть-Сысольском: в Коми предлагают вернуть столице и улицам дореволюционные названия

Новогодний туристический поток по России вырос на 46%