Добавить новость
ru24.net
World News
Декабрь
2024

Сот Түштүк Кореянын президенти Юн Сок Ёлду камакка алууга уруксат берди

0
Сеул соту аскердик абал жарыялаганы үчүн кызматтан убактылуу четтетилген Түштүк Кореянын президенти Юн Сок Ёлду камакка алууга жана тинтүүгө уруксат берди.


Бул тууралуу Yonhap маалымат агенттиги жазды. Импичмент жарыяланып, анын жыйынтыгында президенттин ыйгарым укуктары убактылуу токтотулган.


Өлкө тарыхында биринчи жолу иштеп жаткан президент камакка алынышы мүмкүн экени кабарланды. Юн Сок Ёль козголоң уюштурган жана кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланган деп шек саналууда. Жогорку даражалуу аткаминерлер арасындагы коррупцияны иликтеген комитет аны 48 сааттын ичинде кармай алат.


14-декабрда Түштүк Кореянын парламентиндеги 300 депутаттын 200дөн көбү Юн Сок Ёлго импичмент жарыялоону колдогон. Буга анын 3-декабрда күтүүсүз аскердик абал жарыялашы түрткү болду.  Юн Сок Ёлго өлкөдөн чыгууга тыюу салынган.


Президенттин милдетин азыр өкмөт башчы Хан Дак Су аткарууда. (BTo)




 



Moscow.media
Частные объявления сегодня





Rss.plus




Спорт в России и мире

Новости спорта


Новости тенниса
WTA

Самсонова одержала победу над Касаткиной на турнире WTA 1000






Сергей Собянин: Станцию посвятим инженерным войскам

«Казанова 2. В Бегах»: коктебельное настроение и экзистенциальные метания

МЧС запретило сбивать БПЛА из подручных средств после случая с мужчиной и ружьем

Победителям онлайн-квеста подарят билеты на парад Победы в Москве