Добавить новость
ru24.net
World News
Январь
2025
1 2 3 4 5 6 7 8
9
10
11
12
13
14
15
16
17
18
19
20
21
22
23
24
25
26
27
28
29
30
31

“Сапат” мекемеси лицейлердин "Маарифке" өтүшүнө байланыштуу сотко кайрыларын билдирди

0
“Сапат” эл аралык билим берүү мекемеси лицейлеринин Түркиянын “Маариф” фондуна өткөрүлүшүндө мыйзам бузуу болгонун жана "өз укугун мыйзамдардын негизинде жана эл аралык укук талаасында коргоо боюнча аракет көрөрүн" билдирди. Бул тууралуу окуу жайдын социалдык тармактардагы баракчасына 1-январда жарыяланган билдирүүдө белгиленген.


Андагы маалыматка караганда, “Сапат” эл аралык билим берүү мекемесинин жетекчиси катары Түркиянын жараны Хүснү Биржан жазылган. Ал эми негиздөөчүлөрдүн бири Орхан Инанды соттун чечими менен түптөөчүлөрдүн курамынан чыгарылган. Дагы бир негиздөөчүсү өз ыктыяры менен "баш тартты" деп айтылган.


Эл аралык мекеменин билдирүүсүнө караганда, негиздөөчүлөрдүн бири катары Кыргызстандын Билим берүү жана илим министрлиги жана А.С аттуу жаран калган. Ал кишини түптөөчүлөрдүн катарынан чыгаруу боюнча сот иши жүрүп жаткан.


- “Сапат” эл аралык билим берүү мекемесинин кийинки соттук отурумду күтпөстөн, чукул арада Түркиянын “Маариф” фондуна өткөрүлүшү мекеме жетекчилиги, мугалимдер, окуучулар жана ата-энелер үчүн күтүүсүз болду", - деп жазылат билдирүүдө.




Кыргызстандагы “Сапат” билим берүү мекемеси Түркиянын “Маариф” фондуна өткөнү 31-декабрда белгилүү болду.


Юстиция министрлигинин сайтындагы маалыматка караганда, “Сапат” 30-декабрда кайра каттоодон өтүп, анын негиздөөчүлөрүнүн катарына “Маариф Улусларарасы Егитим Курумлары” акционердик коому жана Түркиянын “Маариф” фонду кошулду. Андан тышкары Кыргызстандын Билим берүү жана илим министрлиги бар.


Бул маалыматты кыргыз өкмөтү ырастады. Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов “Маариф” фондунун Борбор Азиядагы директору Хүснү Биржан менен жолугушуп, “Сапат” билим берүү мекемелер тармагын “Маариф” фондунун башкаруусуна өткөрүү чечими кабыл алынганын айтканын өкмөттүн басма сөз кызматы кабарлады.


Түркиянын Билим берүү министрлигине караштуу “Маариф” фонду (Türkiye Maarif Vakfı) 2016-жылы түзүлгөн. Уюм 2021-жылы Бишкекте фонддун биринчи мектебин ачкан.


Түрк бийлиги 2016-жылы диний аалым Фетхулла Гүленге таандык деп эсептелген билим берүү мекемелеринин ишин токтотууну Кыргызстандан талап кылган. Расмий Бишкек түрк лицейлери өлкөгө эч кандай коркунуч келтирбей турганын билдирген соң эки өлкөнүн мамилеси сууй түшкөн.


2017-жылы Кыргызстанда 1992-жылдан бери иштеп келе жаткан “Себат” билим берүү мекемелери бийликтин чечими менен “Сапат” болуп өзгөргөн. Анын жетекчиси Орхан Инанды 2021-жылы Кыргызстандан уурдалып, Түркияда соттолгон.




 



Moscow.media
Частные объявления сегодня





Rss.plus




Спорт в России и мире

Новости спорта


Новости тенниса
WTA

Казанская теннисистка Полина Кудерметова уступила Арине Соболенко в финале WTA в Брисбене






AGON by AOC сохранил первое место в рейтинге игровых мониторов в 2024 году

Numbeo: Екатеринбург и Казань вошли в список самых дорогих городов мира

Блогер-миллионник Кэрол Акоста скончалась в 27 лет, подавившись едой

Армения допускает сокращение присутствия российских пограничников