Добавить новость
ru24.net
World News
Январь
2025

Тажик бийлиги зомбулук тууралуу арызданган ооган качкынын депортациялады

0
Тажик бийлиги буга чейин социалдык тармактарда үй-бүлөлүк зомбулук боюнча арызданган 24 жаштагы Тамкин Мехробиддинди Ооганстанга депортациялады. Бул тууралуу "Азаттыктын" тажик кызматы жазды.


Өткөн жылдын 19-ноябрында ал социалдык түйүндөрдө Тажикстандын президентине видеокайрылуу жарыялап, үй-бүлөсү Ооганстандагы талибдерден качып, Тажикстанга келгенин жана өмүрүнүн көп бөлүгүн бул өлкөдө өткөргөнүн айткан. Мехробиддин кайрылуусунда күйөөсүнөн зомбулук көргөнүн кошумчалаган.




Бирок 2024-жылдын 17-декабрында тажик бийлиги Тамкин Мехробиддинди Ооганстанга депортациялаганы белгилүү болгон. Мехробиддин «Озодиге» курган маегинде бийлик аны, эжесин жана инисин Вахдат шаарындагы үйүнөн алып кетип, Пянж өткөрмө бекети аркылуу Ооганстанга депортациялаганын билдирген.


"Биздин үйгө бийлик өкүлдөрү келип, алар менен Дүйшөмбүгө барып документтерибизди текшеришибиз керектигин айтышты. Кийим алмаштырууга да уруксат беришкен жок. Кечки саат сегизде бизди постко алып барышты. Эжем депортация кылбоону суранды, анткени Ооганстанда эч кимибиз жок. Бирок алар бийликтин көрсөтмөлөрүн аткарып жатабыз деп гана жооп беришти".


Буга чейин "Азаттыктын" тажик кызматы Тажикстандан башпаанек сураган 60ка жакын ооган жараны өлкөдөн чыгарылганын жазган. Тажикстанга бир топ жыл мурун көчүп барган ооган качкындары негизинен Дүйшөмбү шаарына жакын аймактарда жашайт.


Бейрасмий маалыматтарда алардын саны өлкөдө 10 миңге жакын экени айтылат.


БУУнун маалыматына караганда, тажик бийлиги 2022-жылы өлкөдөн кеминде 85 ооган качкынын күч менен чыгарган. Тажик өкмөтү бул тууралуу комментарий бербей келет. (AiA)




 



Moscow.media
Частные объявления сегодня





Rss.plus




Спорт в России и мире

Новости спорта


Новости тенниса
Елена Рыбакина

Елене Рыбакиной "отдали" победу в реванше с 17-летним вундеркиндом






Самая массированная атака на регионы России: враг запустил более трёхсот беспилотников, налёт продолжается (ВИДЕО)

Владимир Ефимов: Город предоставил социально значимым организациям 60 новых помещений в рамках программы реновации

В Москве проведут конференцию в честь 100-летия со дня кончины святителя Тихона

Некоторые категории населения могут не платить за ЖКУ: эксперт