Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинин маалыматына караганда, жол кырсыгы 31-декабрда Орусиянын Оренбург облусунун Бузулук районундагы Алдаркино айылынын жанында болгон. Баштапкы маалымат боюнча, Chevrolet Cruze үлгүсүндөгү автоунаанын айдоочусу каршы тилкеге чыгып, унаа ташыган машинаны сүзгөн.
Министрлик Орусиянын компетенттүү органдарынан алынган маалыматка таянып кырсыктын кесепетинен Кыргыз Республикасынын төрт жараны каза болгонун кабарлады.
"1976-жылы туулган Р.Н., 1982-жылы туулган Б.Т., 1986-жылы туулган Д.А., 1990-жылы туулган С.Н. каза болуп, жашы жете элек бир бала жаракат алган жана Бузулук шаарынын ооруканасына жеткирилген" деп айтылды маалыматта.
Окуя боюнча иликтөө башталды. Тышкы иштер министрлиги элчилик Орусиянын укук коргоо органдарынын өкүлдөрү жана медицина кызматкерлери менен байланышканын маалымдады.
Расмий маалыматка караганда, 2024-жылдын алгачкы алты айында чет өлкөлөрдө каза болгон 262 кыргыз жаранынын сөөгү мекенине жеткирилген. "Жүк 200" алып келүүгө мамлекет 23 млн 260 миң сом төлөп берген.
2023-жылы чет өлкөлөрдөн 581 ашык кыргызстандыктын сөөгү мекенине алынып келинген, алардын басымдуу бөлүгү Орусия, Түркия, Индия, АКШ жана Казакстандан жөнөтүлгөн. (AiA)
В суд направлено уголовное дело о незаконной охоте с причинением крупного ущерба на территории Ненецкого автономного округа
Жара накроет регионы России
Заместитель прокурора Архангельской области и Ненецкого автономного округа Павел Матанцев и Уполномоченный по правам ребенка в Ненецком автономном округе Галина Гуляева проведут личный приём жителей Ненецкого автономного округа по вопросам защиты пра
Как джин и виски из Саранска вывели предприятие Евгения Сидорова в лидеры индустрии
AP: Илон Маск покинет пост главы DOGE в администрации США
"ЗАЧЕМ СПЕЦСЛУЖБАМ США МОЛИТЬСЯ НА ТРАМПА, ХОТЬ НЕ ОН ПРИКАЗАЛ ЦВЕТОЧКИ HЮХАТЬ". СЕНСАЦИЯ! В.В. Путин, Дональд Трамп, Илон Маск. Россия, США, Европа могут улучшить отношения и здоровье общества?!
Листория: Новый взгляд на комфортную жизнь
Отделение СФР по Москве и Московской области предоставляет меры соцподдержки более 40 тысячам ветеранов Великой Отечественной войны