Добавить новость
ru24.net
World News
Январь
2025
1 2 3 4 5 6 7 8 9 10 11 12 13 14 15 16 17 18 19 20 21 22 23
24
25
26
27
28
29
30
31

Өзбекстанда газ тартыштыгын айткан соң 15 суткага камалган Гайрат Дустов бошотулду

0
Ташкент шаардык соту бийликти сындагандан кийин кармалып, 15 суткага камалган Гайрат Дустовдун жазасын кыскартып, камактан бошотту. Бул тууралуу “Азаттыктын” өзбек кызматы жазды.


Gazeta.uz сайтынын маалыматына караганда, 3-январда өткөн соттук отурумда Дустов өзүн жаман сезип, эсин жоготуп жиберген. Мурдараак ал кармалган маалда да ден соолугу начарлап кеткени кабарланган.


23-декабрда Ташкенттин Бектемир районундагы май куйган бекеттердин биринде кезекте турган 47 жаштагы Гайрат Дустов кырдаалга нааразы экенин айткан видео социалдык тармактарга тараган. Ал автобус айдап, үй-бүлөсүн, майып жакынын баккандыктан май куюучу жайларга киргизилген чектөөлөр анын ишине залакасын тийгизгенин айткан.




"Өзбекстан кедей мамлекет эмес! Бизде жер астындагы жана үстүндөгү ресурстар жетиштүү! Эркин жашайлычы. Эмне үчүн бизди ушинтип кыйнап жатасыңар? Автоматты алып атып салсаң жакшы болот эле!”, - деген Дустов ал видеодо.


26-декабрда Ташкентте сот Дустовду 15 суткага камакка алуу чечимин чыгарган. Сот аны "майда бейбаштык" боюнча күнөөлүү деп тапкан. Иштин материалдарында ал май куюучу жайдын кызматкерлери менен урушуп, коомдук тартипти бузганы белгиленген. Май куюучу жайдын кызматкери да ага каршы арыз жазган.


Мындан соң Өзбекстанда социалдык тармактардын колдонуучулары энергетикалык кризисти сындаган Гайрат Дустовдун 15 суткага камалышына каршы флешмоб уюштурушту. Алар Дустовду туурап бут кийиминин таманын көрсөтүштү. Активисттер, социалдык тармактын колдонуучулары энергетикалык кризисти чечүүнүн ордуна Дустовду камоо чечимин кабыл алган өкмөттү жана сотту сындап чыгышты. (ErN)




 



Moscow.media
Частные объявления сегодня





Rss.plus




Спорт в России и мире

Новости спорта


Новости тенниса
ATP

Александр Зверев и Хольгер Руне сыграют на турнире ATP-500 в Рио-де-Жанейро






Россияне смогут летом полететь в Грецию пакетными турами

Суд продлил арест фигурантам дела об афере с квартирой Ларисы Долиной

Специалисты рассказали, как сделать виртуальные объекты из ничего

В паре нет места секретам: танцоры Артемий и Марина Каташинские откровенно о доверии