Добавить новость
ru24.net
World News
Январь
2025

Социалдык стационардык интернаттар текшерилүүдө

0
Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги майыптыгы бар адамдар үчүн социалдык стационардык мекемелерди текшерүүгө алууда. Министрликтин маалыматына караганда, иш-чаранын максаты - аталган мекемелердеги түзүлгөн шарттарды, андагы жарандардын коопсуздугу жана социалдык кызматтын сапаттуулугун текшерүү.



Социалдык стационардык мекемелердеги адамдарга берилип жаткан тамак-аштын сапатына, тиешелүү азык талаптарына жооп берерине өзгөчө көңүл бурулмакчы. Мындан тышкары интернаттардын ичиндеги жылуулук температурасы боюнча талаптарды сактоо да көзөмөлгө алынат.


Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров өлкөдө мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарга кам көрүү жакшыра турганын, жакынкы жылдары алар үчүн социалдык стационардык мекемелерди жакшыртуу, жаңылоо боюнча иш-мерчемдери бар экенин былтыр декабрдын башында билдирген.


Укук коргоочулар Кыргызстанда майыптыгы бар адамдарга тиешелүү камкордук көрүлбөй, алардын укуктары одоно бузулуп жатканын байма-бай айтып келет. Кыйноолорду алдын алуу боюнча улуттук борбор өлкөдөгү мүмкүнчүлүгү чектелүү жарандар үчүн социалдык-стационардык мекемелерде тиешелүү шарттар жоктугун, аларга берилген тамак-аш сапаты начардыгын, майыптыгы бар адамдарга мекеменин кызматкерлери орой мамиле жасай турганын бир нече ирет белгилеген.






Кыргызстандагы 17 социалдык-стационардык мекемеде 2347 адам бар. Алардын 517си майыптыгы бар кары адамдар, 472си балдар интернаттарында тарбияланууда. Калган 1358и психоневрологиялык социалдык стационарларда жатат.



ЮНИСЕФ уюму Кыргызстанда майыптыгы бар балдардын 82% жакындары, карап-баккан адамдары психологиялык кысымга алып, уруп-сабай турганын жылдык баяндамасында билдирген.



Расмий маалыматтар боюнча Кыргызстанда майыптыгы бар адамдардын саны 216 миңден ашуун. Анын 37 миңдейи 18ге толо элек балдар. Мүмкүнчүлүгү чектелүү адамдарга мамлекет ай сайын 4-8 миң сом өлчөмүндө жөлөк пул жана пенсия берет.(ZKo)




 



Moscow.media
Частные объявления сегодня





Rss.plus




Спорт в России и мире

Новости спорта


Новости тенниса
WTA

Организаторы турнира WTA извинились за ошибку с национальностью Касаткиной






Комлесхоз Подмосковья напомнил правила поведения при встрече с лосем

СЕНСАЦИЯ ПРО "Z" И "Аз" В НЛП СВО. ДОРАБОТКА РАКЕТЫ "ОРЕШНИК". СПАСЕНИЕ ОТ ДЕНУКЛЕАРИЗАЦИИ! В.В. Путин, Дональд Трамп. Новости. Россия, США, Европа могут улучшить отношения и здоровье общества?!

Создавала долговую яму: в чем подозревают замглавы Ростовской области Федотову

«Теневой флот» России столкнулся с новой проблемой