Добавить новость
ru24.net
World News
Январь
2025

Кыргызстандык окуучулар биология боюнча эл аралык Олимпиадада жеңишке жетишти

0
Кыргызстандык 25 мектеп окуучусу биология боюнча Mendel’s Biology International Olympiad 2024 (MBIO 2024) олимпиадасында 3 алтын, 7 күмүш жана 15 коло медалга ээ болду. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлиги маалымдады.




Маалыматка ылайык, эл аралык олимпиадада жеңишке жетишкен 25 баланын 19у "Сапат" лицейинин окуучулары.


2017-жылы Кыргызстанда 1992-жылдан бери иштеп келе жаткан “Себат” билим берүү мекемелери бийликтин чечими менен “Сапат” болуп өзгөргөн. Анын жетекчиси Орхан Инанды 2021-жылы Кыргызстандан уурдалып, Түркияда соттолгон.


Кыргызстандагы “Сапат” билим берүү мекемеси Түркиянын “Маариф” фондуна өткөнү 31-декабрда белгилүү болгон.



Түркиянын Билим берүү министрлигине караштуу “Маариф” фонду (Türkiye Maarif Vakfı) 2016-жылы түзүлгөн. Уюм 2021-жылы Бишкекте фонддун биринчи мектебин ачкан.



Түрк бийлиги 2016-жылы диний аалым Фетхулла Гүленге таандык деп эсептелген билим берүү мекемелеринин ишин токтотууну Кыргызстандан талап кылган. Расмий Бишкек түрк лицейлери өлкөгө эч кандай коркунуч келтирбей турганын билдирген соң эки өлкөнүн мамилеси сууй түшкөн. (ZKo)






 



Moscow.media
Частные объявления сегодня





Rss.plus




Спорт в России и мире

Новости спорта


Новости тенниса
Даниил Медведев

Медведев прекратил сотрудничество с тренером Симоном






Пожарные ликвидировали открытое горение на складе на северо-востоке Москвы

Росгвардия обеспечила безопасность хоккейных матчей в Москве

Желая площадь: сроки продажи квартир на вторичном рынке выросли на треть

Венки и скорбящий Чебурашка. Как выглядит могила Эдуарда Успенского сегодня