Добавить новость
ru24.net
World News
Январь
2025
1 2 3 4 5 6 7 8 9 10 11 12 13 14 15 16 17 18 19 20 21 22 23 24 25
26
27
28
29
30
31

"Каддафиден пара алган" деп айыпталган экс-президент Саркозинин соту башталды

0
Парижде Франциянын мурдагы президенти Николя Саркозинин үстүнөн сот башталды. Саясатчы 2000-жылдардын ортосунда Ливиянын диктатору Муаммар Каддафи менен "коррупциялык кутумга" барган деп айыпталууда. Бул тууралуу France 24 телеканалы кабарлады.


Тергөөнүн версиясына караганда, 2006-2007-жылдары ал кезде ички иштер министри болуп турган Саркози жана анын аппараты Каддафиден кеминде 50 миллион евро алып, акчаны шайлоо кампаниясына жумшаган. Бул үчүн Париж ал маалда эл аралык изоляцияда калган Каддафи режимине жагымдуу мамиле кылган.


Франциянын Эл аралык радиосу (RFI) кабарлагандай, прокуратура сөз болгон каражат Франциянын мыйзамдары шайлоону каржылоого жол берген өлчөмдөн ашарын белгиледи.


Саркози пассивдүү коррупция, шайлоо кампаниясын мыйзамсыз каржылоо, мамлекеттик каражатты максатсыз пайдалануу жана кылмыштуу топко катышууга айыпталууда.


Күнөөсү далилденсе, экс-президент 10 жылга түрмөгө кесилип, 375 миң евро айып пулга жыгылышы мүмкүн.


Аны менен кошо иштин дагы 11 фигуранты, арасында үч мурдагы министр соттолууда.


69 жаштагы Саркози айыптарды четке кагып, шайлоо кампаниясында Ливиянын акчасы пайдаланбаганын айтууда.


Сот жараяны 3 айга чейин уланышы мүмкүн.


Каддафи 2011-жылы Батыш колдогон элдик козголоңдун натыйжасында бийликтен төңкөрүлүп, өлтүрүлгөн.


Cаркози Францияны 2007-2012-жылдары жетектеген.




 



Moscow.media
Частные объявления сегодня





Rss.plus




Спорт в России и мире

Новости спорта


Новости тенниса
Янник Синнер

Янник Синнер выиграл 20-й матч подряд — впервые в карьере






В Мурманске стартовал первый день регионального этапа II Всероссийский муниципальный форум «Малая родина – сила России»

В Саратове оперативники "накрыли" вебкам-студию

Радио Romantika – 14 лет в эфире

Путин удивился: средняя зарплата в Москве достигла 160 тысяч рублей