Добавить новость
ru24.net
World News
Январь
2025

Мексикада дайынсыз болуп жаткан Кыргызстандын жараны табылды

0
Мексикада дайынсыз болуп жаткан Кыргызстандын жараны Жаныбек Жакыпов табылды. Бул тууралуу алып баруучу Ассоль Молдокматова Фейсбуктагы баракчасына жазып, анын аудио билдирүүсүн жарыялады.


Анда Жаныбек Жакыпов Мексикада эс-учун жоготуп, аны жергиликтүүлөр менчик клиникага алып барышканын, жакынкы күндөрү мекенине кетерин айтканын угууга болот.


Буга чейин Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги (ТИМ) АКШнын, Орусиянын, Казакстандын Мексикадагы элчиликтери аркылуу кыргыз жаранын издеп жаткан. Ал табылганын ТИМ да ырастады.


Жаныбек Жакыпов 29-декабрда АКШдан Мексиканын Канкун шаарына барып, андан ары Бишкекке учуп келмек. Бирок дайыны билинбей жаткан.


Ассоль Молдокматова ал 12 жылдан бери АКШда жашап, бардык документтери жайында болгонун айтып, коомчулукту издөө иштерине жардам берүүгө чакырган. 7-январда Жакыповдун апасы 57 жашында кайтыш болуп калганын жазды. (BTo)




 



Moscow.media
Частные объявления сегодня





Rss.plus




Спорт в России и мире

Новости спорта


Новости тенниса
Елена Рыбакина

Рыбакина провела первую тренировку в Абу-Даби. Видео






Почти 80% мест в санаториях Псковской области уже забронировано – председатель облсовпрофа Игорь Иванов

Сотрудники Росгвардии оказали помощь пожилой москвичке

SHAMAN и Мизулина изобразили поцелуй под крики «Горько!» в московской школе

Дракошно отметили китайский Новый год на «Солнце Москвы»