Бузурман Субанов “Кумтөрдүн” жетекчиси болуп дайындалды
Компаниянын сайтында Бузурман Субанов ишкананын президенти деп көрсөтүлгөн. Андан тышкары ишкананын төрт вице-президентинин үчөө алмашканы белгилүү болду. Ага ылайык, Дмитрий Долматовдун ордуна Каныбек Кошоков, Кубанычбек Турдукожоевдин ордуна Бакытбек Майлиев, Улукмырза Абакировдун ордуна Канатбек Кадыров дайындалганы белгилүү болду.
“Кумтөрдүн” дагы бир вице-президенти Талайгүл Букарбаева гана ордунда калган. Кадрдык өзгөрүүлөр боюнча комментарий алуу үчүн ишкананын басма сөз кызматы менен байланыша алган жокпуз.
Айрым жалпыга маалымдоо каражаттары Бузурман Субанов 2024-жылдын 30-декабрында “Кумтөр Голд Компани” ишканасынын эмгек жамаатына тааныштырылганын жазды.
Ачык булактарда Бузурман Субанов тууралуу дээрлик маалымат жок. “Кумтөрдүн” жетекчиси болгонго чейин “Кыргызалтын” ишканасынын төрагасынын орун басары болуп иштеп турганы гана белгилүү.
“Кумтөр Голд Компани” компаниясынын мурдагы президенти Алмазбек Барыктабасов 2022-жылдан бери иштеп келаткан.
Кыргыз өкмөтү 2021-жылдын май айында канадалык “Центерра Голд” компаниясы иштеткен Кумтөр кенин башкарууну өз колуна алып, узак талаш-тартыштан кийин – 2022-жылдын апрелинде аны толук өткөрүп алган. Кыргызстан “Центерра Голдго” акциялардын 26% өткөрүп берип, бардык экологиялык жана каржылык доодон баш тарткан. (BTo)