Добавить новость
ru24.net
World News
Январь
2025

Кыргыз-өзбек-тажик премьер-министрлери жолугуп, чек ара маселесин талкуулайт

0
Министрлер кабинети Кыргызстандын, Өзбекстандын, Тажикстандын премьер-министрлери - Адылбек Касымалиев, Абдулла Арипов, Кохир Расулзода 8-январда үч өлкөнүн мамлекеттик чек аралары кесилишкен жерде жолугушарын билдирди.


Өкмөттүн басма сөз кызматы кабарлагандай, жолугушууда тараптар буга чейин жетишилген чек ара маселелерине байланышкан макулдашуунун айланасында сүйлөшүүлөрдү жүргүзөт.


2024-жылы 4-декабрда кыргыз-тажик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо маселеси боюнча өкмөттүк жумушчу топтор бардык тилкелер боюнча тактоо иштерин аяктаган. Жумушчу топторго кыргыз-тажик чек арасын делимитациялоо боюнча жыйынтыктоочу документтерди даярдоо тапшырмасы берилген.




Президент Садыр Жапаров эки өлкөнүн өкмөттөр аралык комиссиясы ишин аяктаса, документти тышкы иштер министрлери бекитерин, парламенттерден ратификациядан өткөндөн кийин эки президент кол коёрун билдирген. Ошондой эле чек арадагы талаш жерлер теңме-тең бөлүштүрүлгөнүн айткан.


Кыргыз-өзбек чек арасы боюнча делимитация жана демаркация жараяны аяктаганын Садыр Жапаров 2023-жылы 27-январда Бишкекке мамлекеттик сапар менен өзбек президенти Шавкат Мирзиёев келгенде жарыялаган. Ушул тапта чек араны демаркациялоо боюнча жумуштар жүрүп жатат. (BTo)




 



Moscow.media
Частные объявления сегодня





Rss.plus




Спорт в России и мире

Новости спорта


Новости тенниса
Дарья Касаткина

Организаторы турнира в Абу‑Даби принесли извинения за ошибку с национальностью Касаткиной






Путин постановил провести в 2025 году музыкальный конкурс «Интервидение»

Очаг туберкулеза обнаружили в жилом доме в Подольске

В Москве продолжат возводить здания без ограничений по высоте

Пожарный рассказал о чудом выжившем при пожаре пьяном