5-январда Баткенде Арка-2 айылында белгисиз жарылуучу заттан жарат алган энеси менен кызынын абалын дарыгерлер оор деп баалап жатат. Бирок биринчи келгендегиден кыйла жакшырып калганын айтышты. Учурда алар Оштогу клиникалык ооруканада дарыланууда. 32 жаштагы келин 11 жаштагы кызы менен короосундагы эски темир-тезекти жыйнап жатканда жарылуу болгон. Жарылган зат аскердик снаряд болушу мүмкүн экени айтылган эле. Жаракат алган келин окуя тууралуу “Азаттыктын” Оштогу кабарчысы Даткабек Шабданбек уулуна айтып берди.