Добавить новость
ru24.net
World News
Январь
2025

Токой өртүнөн улам Лос-Анжелесте чукул кырдаал жарыяланды

0
Калифорниянын бийлиги токой өртүнөн улам Лос-Анжелесте чукул кырдаал тартибин киргизди. Жергиликтүү тургундарга коопсуз жерлерге көчүү көрсөтмөсү берилди. Өрт өчүрүүчүлөр тилсиз жоо менен алпурушуп жатат.


AP агенттиги өрт шейшембинин кечинде шаардын түндүк-чыгышында, коруктун жанында тутанганын, кургак аба ырайынан жана шамалдан улам тез жайылып кеткенин маалымдады.


Өрт Голливуддун жылдыздары жана америкалык саясатчылар жашаган океан жээгиндеги Пасифик-Палисейдс районун да чалды.


Бийлик канча турак жай күйгөнүн айткан жок, 13 миң имаратка коркунуч жаралганын, 30 миңдей киши эвакуацияланганын билдирген.


Шаардын Өрт өчүрүү кызматынын башчысы Кристин Кроули шашылыш эвакуация башаламандык менен коштолгонуна карабай жабыркагандар тууралуу кабарланбаганын айтты.


АКШнын Улуттук метеорологиялык кызматы айрым райондордо шамал катуу болорун эскертти.




 



Moscow.media
Частные объявления сегодня





Rss.plus




Спорт в России и мире

Новости спорта


Новости тенниса
Елена Рыбакина

В сети появилось трогательное видео Рыбакиной с детьми






Шунин дал совет форварду «Динамо» Тюкавину

Очаг туберкулеза обнаружили в жилом доме в Подольске

Mash: Покушение на Главу Федерации бокса ДНР Саркисяна готовилось больше месяца

Москва закупила более 700 единиц пожарно-спасательной техники за 15 лет