Ноокенде 15-декабрдан бери дайынсыз жоголгон адамды издөө уланды
Мындан тышкары төрт дрон (эки чоң жана эки кичине дрон) жана спутник байланышы колдонулууда.
ӨКМдин маалыматына караганда, Таш-Көмүр шаарынын 47 жаштагы тургуну М.Д. 15-декабрда Сүттүү-Булак жайлоосуна мал айдап кеткен бойдон дайынсыз болууда. Аны издөө иштери 17-декабрдан бери жүрүп жатат.(ZKo)