Добавить новость
ru24.net
World News
Январь
2025
1 2 3 4 5 6 7 8 9 10 11 12 13 14 15 16 17 18 19 20 21 22 23 24 25
26
27
28
29
30
31

Ливанда 12 жолку аракеттен кийин жаңы президент шайланды

0
Ливандын парламенти армиянын башчысы, генерал Жозеф Аунду президенттикке шайлады. Бейшемби күнкү добуш берүүдө аны 128 депутаттын 99у колдоду. Бул кызмат 2022-жылдын октябрынан бери бош турган. Ошол маалда жаңы президент менен фамилиясы уйкаш Мишель Аундун ыйгарым укуктары аяктаган. Андан бери 12 жолу мамлекет башчыны шайлоо аракетинен майнап чыккан эмес.


AP агенттиги жазганына караганда, 10-январда 61 жашка чыгып жаткан генералга АКШ жана Сауд Арабия артыкчылык берет.


АКШда террордук деп таанылган, Тегеран колдогон “Хезболла” уюму өз талапкерин өткөрө алган жок.




Маалыматтарга ылайык, уюм менен Израилдин ортосундагы согушту токтотуу келишими президенттин шайланышын ыкчамдаткандай. Макулдашууга былтыр ноябрда АКШнын ортомчулугу менен жетишилген.


Анын үстүнө Сирияда Ирандын өнөктөшү болгон Башар Асаддын бийликтен кулатылышы да “Хезболла” үчүн чоң сокку болду.


Ливанда 1975-1990-жылдардагы жарандык согуш аяктагандан кийин президенттин ыйгарым укуктары кыскартылган. Бирок ал өкмөттүн курамын бекитип, келишимдерди жактыра алат. Ошондой эле куралдуу күчтөрдүн башкы командачысы болот.


Аундун эл аралык мамилелер боюнча илимий даражасы бар.




 



Moscow.media
Частные объявления сегодня





Rss.plus




Спорт в России и мире

Новости спорта


Новости тенниса
Australian Open

Уроженка Красноярска Мирра Андреева проиграла в полуфинале Открытого чемпионата Австралии по теннису






Вильфанд: температура воздуха в Москве будет на 8 градусов выше нормы

Турнир "Kremlin Cup" 23-25 Мая г.Великий Новгород

Работника на зарплату в 190 тысяч рублей ищут в Нижнем Новгороде

ВЕСЬ ГОД НА СТРАЖЕ