Добавить новость
ru24.net
World News
Январь
2025

Медет Абакиров тышкы иштер министринин орун басары болуп дайындалды

0
Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев кол койгон тескемеге ылайык, Медет Абакиров тышкы иштер министринин орун басары болуп дайындалды. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы кабарлады.


Абакировду ТИМдин жамааты менен төраганын орун басары Данияр Амангелдиев тааныштырып, тышкы саясаттагы маанилүү маселелерди чечүүдө натыйжалуу иш алып барарына ишенимин билдирди.



Медет Абакиров 1979-жылы 9-июнда Бишкек шаарында туулган. Кыргыз-Орус Славян университетинин эл аралык мамилелер жана юридика факультетин аяктаган.




45 жаштагы Абакиров 2004-жылдан тартып ТИМ системасынын ар кайсы кызматтарында иштеп келатат.



Бул кызматты аркалаган Айбек Молдогазиев декабрдын соңунда Кыргызстандын АКШдагы элчиси болуп дайындалган. Ал орун басар болуп 2022-жылдын февралынан тартып иштеп жаткан. (КЕ)




 



Moscow.media
Частные объявления сегодня





Rss.plus




Спорт в России и мире

Новости спорта


Новости тенниса
ATP

Андрей Рублёв уверенно обыграл Бублика на старте турнира ATP-500 в Дохе






Двое мужчин украли из московского таунхауса имущество на 7,5 миллиона рублей

Рязанские курсанты и курсантки получили именные Губернаторские стипендии

Акции «Ростелекома» прибавляют 4,5% на вечерней сессии в ожидании отчета

Таможенники пресекли контрабанду более 140 килограммов гашиша