Добавить новость
ru24.net
World News
Январь
2025

Чек ара кызматы Баткенде курман болгон Ниязовдун жубайына жумуш жана үй сунушталганын билдирди

0
2022-жылы Баткендеги кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу жаңжалда курман болгон чек арачы Мирлан Ниязовдун жубайы Сатина Лайлиевага Чек ара кызматынан жумуш жана кызматтык үй сунушталган. Бул тууралуу аталган мекеменин башчысы Абдикарим Алимбаев бүгүн 16-январда Лайлиеваны кабыл алган учурда билдирди.


Ал үйгө байланыштуу маселесин сот чечерин, ал эми кызматтык үй кызматкер пенсияга чыккандан кийин гана менчикке өтө турганын айтты.



Буга чейин Лайлиева курман болгон чек арачыларга мамлекет берген үй ага тийбей жатканын, балдары менен батирлеп жүргөнүн, соңку үч айдан бери "Сезим" кризистик борборунда жашап жатканын айтып чыккан.


Жолугушууга "Сезим" кризистик борборунун жетекчиси жана жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү катышты.



14-январда Лайлиева "Сезим" кризистик борборунун өкүлдөрү менен бирге Ынтымак-Ордонун алдына чыккан. Чек ара кызматы маркум Ниязовдун жакындарына демөөрчүлөр үй бергенин айтып, Лайлиеванын сөзүн төгүндөгөн.




Лайлиева өзү маалымат каражаттарын Ош облусунан эки бөлмөлүү үй Ниязовдун биринчи никеден төрөлгөн уулуна катталганын айтып берген.



Мирлан Ниязов (1987-2022) Ош облусундагы Кара-Суу районунун Кыргызстан айылында туулган. Кенже сержант кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу кагылышта курман болгон. (MZh/КЕ)




 



Moscow.media
Частные объявления сегодня





Rss.plus




Спорт в России и мире

Новости спорта


Новости тенниса
Юлия Путинцева

Разгром за 33 минуты случился в первом матче Путинцевой






Наш чемпион. Российские олимпийцы поздравили Большунова с победой

В Екатеринбурге бизнесмен лишился 2 млн после знакомства с девушкой в Сети

Путин утвердил даты проведения Фестиваля «Спасская башня» в 2025 году

Энергетик или яд: что известно о загадочной смерти двух свердловских футболистов