Казакстандын баш калаасы Астанада дээрлик күн сайын митинг болуп турарын калаа акимчилиги расмий маалымдады. Алсак, былтыр ноябрда Астанада бери дегенде эле 120 митинг жана башка нааразылык акциясы өткөн делет. Бул күн сайын кеминде үч митинг, бир жөө жүрүш өттү дегенди билдирет.