Добавить новость
ru24.net
World News
Январь
2025

Түркмөнстан: Мамлекеттик кызматкерлер президенттин китебин сатып алууга мажбур болууда

0
Түркмөнстанда мамлекеттик кызматкерлерди президент Сердар Бердымухамедовдун китебин сатып алууга мажбурлап жатышат. Бул тууралуу "Азаттыктын" түркмөн кызматы жазды.


Маалыматка караганда өткөн аптада Түркмөнбашы жана Балканабад шаарларында президенттин жаңы китебинин бет ачары болуп, аларга облустун бардык бюджеттик мекемелеринин кызматкерлери катышкан. Кийинчерээк мамлекеттик кызматкерлер бул китепти сатып алууга аргасыз болушканын журналисттерге айтып беришкен.


«Магтымгулынын 300 жылдыгына арналган китепте эч кандай философия, илимий маалымат жок. Анда бир гана өткөн жылы борбордо болгон эл аралык иш-чаралар тууралуу маалымат жана фотосүрөттөр гана бар», — дейт Балканабад шаарындагы мектептердин биринин мугалими.




Президент Сердар Бердымухамедовдун үчүнчү китеби жарык көргөнү тууралуу маалымат 27-декабрда Министрлер кабинети менен Мамлекеттик коопсуздук кеңешинин биргелешкен жыйынында жарыяланган.


Расмий билдирүүдө президенттин “Магтымгулы– дүйнөнүн ойчулу” аттуу жаңы китеби улуу түркмөн акынынын адабий мурасына жана анын дүйнөлүк маданиятка кошкон салымына гана эмес, Түркмөнстанда өткөн иш-чараларга да арналганы белгиленген.


Түркмөнстанда мамлекеттик кызматкерлер 30 жылдан бери президенттердин китептерин милдеттүү түрдө сатып алышат.


Биринчи президент Сапармурад Ниязов “Рухнама” китебин чыгарган. Экинчи президент Гурбангулы Бердымухамедов бийликте турган 17 жыл ичинде 60ка жакын китеп жазып, түркмөн элин аларды сатып алууга мажбурган учурлар болгон.


Азыркы президент Сердар Бердымухамедов бийликке келген эки жарым жылда үчүнчү китебин чыгарды. Анын биринчи китеби 2024-жылдын январында жарык көргөн.(AiA)




 



Moscow.media
Частные объявления сегодня





Rss.plus




Спорт в России и мире

Новости спорта


Новости тенниса
ATP

Рио (ATP). 1/4 финала. Зверев сыграет с Комесаньей, Серундоло – с Мюллером






Овчинский: в Свиблове продолжается строительство ЖК по реновации

Владимир Ефимов: Семь бывших промзон реорганизуют в ЮВАО по программе КРТ

Московский военный хор перепел "Сигма-боя" на армейский лад

Нижегородцы увидят праздничную подсветку на телебашне в День защитника Отечества