Ботаникалык бактарга "корголуучу жаратылыш аймагы" макамы берилди
Өкмөттүн сайтында 21-январда жарыяланган маалыматка ылайык, мындай макам ботаникалык бактын Бишкектин Ахунбаев көчөсүндөгү аянты 127,0 га болгон жер тилкесине, Горький көчөсүндөгү аянты 20,15 га жер тилкесине жана Нарын шаарынын Ленин көчөсүндөгү аянты 4,17 га болгон жер тилкесине берилди.
Бул жер тилкелери мурда "калктуу конуштардын жерлери” категориясында болгон.
Министрлер кабинети Улуттук илимдер академиясына өзгөчө корголуучу жаратылыш аймагынын режимин талаптагыдай сактоону тапшырды.
2022-жылы Жогорку Кеңештин токтому менен ботаникалык бактын жерин башка бирөөлөргө өткөрүп берүүгө тыюу салуу, кызматкерлеринин маянасын көбөйтүү, ирригациясына акча бөлүп берүү, Башкы прокуратурага бактын жерлери башкаларга өтүп кетпесине көзөмөл жүргүзүү тапшырмалары берилген.
Анын алдында ботаникалык бакты жергиликтүү бийликтин карамагына өткөрүп берүү демилеси көтөрүлүп, илимий коомчулук буга каршы чыккан. Алар ботаникалык бак жөн гана бак эмес, эл аралык кызматташтык жүргүзүүчү илимий институт экенин, чакан парктар ар кимдин колуна өтүп кеткен Бишкекте бул бакты коргоп калуу ыктымалдыгы аздыгын, азыркыдай кейиштүү абалга 30 жылдан бери каржылоо жетишсиз болгону себеп экенин белгилешкен.
"Ботаникалык бак” институту 1938-жылы негизделген.(ZKo)