Добавить новость
ru24.net
World News
Январь
2025
1 2 3 4 5 6 7 8 9 10 11 12 13 14 15 16 17 18 19 20 21 22 23 24 25 26 27 28 29
30
31

Сербияда студенттер маанилүү кан жолду торошту

0
Сербиянын баш калаасы Белградда студенттер 27-январда маанилүү кан жолдордун бирин тороп салышты. Алар белгилегендей, акция 24 саатка созулат. Ага студенттерден тышкары дыйкандар дагы катышып,  тракторлор менен жолдорду торошту.


Белградда жана өлкөнүн бир катар башка шаарларында жапырт нааразылык акциялары уланып жатканына бир айдан ашты.


Анын башталышына Сербия түндүгүндөгү Нови-Сад шаарындагы кырсык түрткү болгон. 1-ноябрда автобекеттин чатыры кулап, 15 адамдын өмүрү кыйылган.


Студенттер адегенде кырсыктын тыкыр иликтенишин жана күнөөлүүлөрдүн жоопко тартылышын талап кылышкан. Андан соң алар бийлик кулак салбай жатканын айтып, өкмөттү таркатууга жана парламенттик шайлоо өткөрүүгө чакыра башташты.




Студенттерди оппозиция активисттери жана жарандык коомдун өкүлдөрү колдошууда. Алардын пикиринде, Нови-Саддагы кырсыкка бийликтеги жемкорлуктан улам вокзалдын оңдоп түздөө иштери сапатсыз жүргүзүлүшү түрткү болгон.


Былтыр декабрдан бери төрт мамлекеттик университеттин 50дөн ашуун факультетинде жана ондогон мектептерде окуу токтоп турат.




 


Сербиянын президенти Александр Вучич бир жагынан акциянын катышуучуларынын талаптарына кулак салууга убада кылууда. Ал 25-январда вокзалдын реконструкциясына байланыштуу документтерди ачык жарыялоону тапшырды. Бул дагы студенттердин бир талабы болчу. Ошол эле маалда Вучич жана анын тарапташтары демонстранттарды чет элдик күчтөр менен биригип алып, Сербияны дестабилдештирүүгө аракет кылууда деп айыптап жатат.



Moscow.media
Частные объявления сегодня





Rss.plus




Спорт в России и мире

Новости спорта


Новости тенниса
WTA

Анастасия Потапова с уверенной победы стартовала на турнире WTA-500 в Линце






Уникальные словари-справочники к произведениям Пушкина представили в Москве

В параде Победы в Москве задействуют 120 терских казаков со Ставрополья

Жители Самарской области могут принять участие в конкурсе эскизов памятника героям СВО

Обстановка в Абхазии накаляется. Сторонники Ардзинба заявили о намерении «взять оружие», если он проиграет