Добавить новость
ru24.net
World News
Январь
2025

Улуттук банктын кирешесин кайрадан республикалык бюджетке алуу сунушталды

0
Жогорку Кеңештин Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитети 27-январда “Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын пайдасын которуу маселелери жөнүндө” конституциялык мыйзамынын долбоорун биринчи окууда карады.


Документ тууралуу Финансы министринин биринчи орун басары Руслан Сүйүналиев баяндама жасап, ал Улуттук банктын 2024-жылы тапкан пайдасын 100% бюджетке которууну карай турганын, каражат республикалык бюджеттин кирешесин көбөйтөрүн жана социалдык маанилүү чыгымдарды каржылоого жумшаларын билдирди.


Депутат Дастан Бекешев "Улуттук банктын мурдагы жылкы кирешеси да казынага алынып кеткенин, эми былтыркы киреше да өткөрүлгөнү жатканын" белгилеп, суммаларды тактап сурады.


Улуттук банктын төрагасынын орун басары Мелис Аттокуров 2023-жылы Улуттук банк 12 млрд 416 млн сом киреше тапканын, ал 2024-жылкы республикалык бюджетке которулганын тактады. Аттокуров баштапкы эсептерге ылайык Улуттук банктын 2024-жылкы кирешеси 20 млрд сомго жакын сумма деп болжолдонуп жатканын, акыркы жыйынтыктар эл аралык аудиттин жыйынтыгы менен белгилүү болорун билдирди.


Мекеменин өкүлү Улуттук банк бул пайданы алтынды алып-сатуудан тапканын маалымдады.


Депутаттардын суроо-жоопторунан соң президенттин жана Министрлер кабинетинин Жогорку Кеңештеги өкүлү Алмазбек Абытов документти фракциялар толук жактырганын билдирип, үч окуудан бир кабыл алууну суранды. Мындан соң сунуш добушка коюлуп, комитеттин мүчөлөрү көпчүлүк добуш менен үч окуудан кабыл алды.


Министрлер кабинети Улуттук банктын 2023-жылкы кирешесин алуу мыйзамын былтыр мартта Жогорку Кеңешке алып келип, документ кабыл алынган жана мекеменин пайдасы бюджетке которулган. (ErN)



Moscow.media
Частные объявления сегодня





Rss.plus




Спорт в России и мире

Новости спорта


Новости тенниса
Анна Блинкова

Анна Блинкова выиграла турнир в Остине в парном разряде






Больница в Почепе получила новые автомобили отечественного производства 

Счетная палата России вернула в бюджеты почти 150 млрд украденных рублей

Экономист Зубец: дарить каждой семье квартиру при рождении ребёнка невозможно

В Москве проходит церемония прощания с шахматистом Борисом Спасским