Баш кеңсеси Венада жайгашкан Freedom For Eurasia (FFE) эл аралык уюму Беларуста 26-январда өткөн президенттик шайлоону “кожо көрсүн процесс” деп атап, ага байкоочу катары катышкан Кыргызстандын расмий кызмат адамдарын айыптады. FFE Минскиге барган кыргыз аткаминерлерине санкция салууга чакырды.