Добавить новость
ru24.net
World News
Январь
2025

Евробиримдик Грузиянын бийлик өкүлдөрүнө визасыз режимди жойду

0
27-январда Евробиримдикке мүчө мамлекеттердин тышкы иштер министрлери Грузия бийлигинин расмий өкүлдөрү үчүн визасыз режимди жоюу чечимин кабыл алышты. Бул тууралуу "Рейтерс" агенттиги эки башка булагына таянып жазды. Маалыматка караганда кеп дипломатиялык паспортторду алып жүргөндөр тууралуу болуп жатат.


Бул чечим Грузиянын Евробиримдикке кошулуусун жактаган демонстранттардын күч менен таркатылышына жооп катары кабыл алынды.


Декабрдан бери эле шаркетке мүчө мамлекеттердин тышкы иштер министрлери Еврокомиссияны бул маселе боюнча сунуш киргизүүгө чакырып жаткан.


Шаркет өкүлдөрү муну менен карапайым грузиялыктарга залака тийгизбестен, грузин өкмөт мүчөлөрүнө басым жасоону көздөшөт.




Былтыр май айында Грузияда Орусияныкына окшош "чет элдик агент" тууралуу мыйзам кабыл алынганда эле Евробиримдикке мүчө бир катар өлкөлөр визасыз режимди караштыруу керек экенин айтып чыгышкан.


Кийин, ноябрда грузин өкмөтү Тблисинин Евробиримдикке кошулуусу боюнча сүйлөшүүлөрдү 2028-жылга чейин токтото туруу чечимин жарыялаганда өлкөдө жапырт нааразылык акциялары тутанган. Түмөндөгөн грузиндер "келечегибизди уурдап алды" деп өкмөткө каршы наарызылык акциясына чыгышкан. Демонстрациялар күч менен таркатылып, жүздөгөн адам кармалган. Акциялардын катышуучуларын полиция уруп-сабаган фактылар катталган.


Еврошаркет грузин жарандарына Шенген аймагына 90 күнгө визасыз кирүүгө 2017-жылы апрелде уруксат берген. Ал эми былтыр Грузия Евробиримдикке кошулууга талапкер макамын алган.




 



Moscow.media
Частные объявления сегодня





Rss.plus




Спорт в России и мире

Новости спорта


Новости тенниса
Елена Рыбакина

Стало известно место Рыбакиной в мировом рейтинге после сенсации






Качество услуг связи проверили на автодорогах Нижегородской области

Махачкала для забайкальцев может стать ближе

Две легковушки и грузовик столкнулись на МКАД

Военнослужащим везет в гослотереях! Ко Дню защитника Отечества в «Столото» рассказали, на что счастливчики потратили свои выигрыши