Вашингтондо жүргүнчү учагы тик учак менен кагышып, сууга кулап түштү
Техас штатынын сенатору Тед Круз социалдык тармактагы баракчасына "каза болгондор бар экенин билебиз" деп жазды, бирок алардын санын тактаган жок.
Басылма жазгандай, кулаган учакта 60 жүргүнчү болгон. Кийин компания учактын экипажынын төрт мүчөсү болгонун кошумчалады. Алар эмне болгону тууралуу маалымат жок, кырсык катталган жерде издөө-куткаруу иштери жүрүүдө.
Потомак – Вашингтондун четинен агып өткөн, туурасы жүз метрге жеткен, терең аккан суу.