Кыргыз улуттук драма театрында үч күн катары менен режиссер Уланмырза Карыпбаевдин “Эне” спектакли коюлду. Чыгармада оорулуу эненин тагдыры менен катар үй-бүлөлүк баалуулуктардын урашы, балачакта жүрөгүнө так болуп калган психологиялык травмалардын салдары жана бүгүнкү коомдогу кыргыз аялдарынын оор тагдыры көтөрүлгөн.