HRW Qaznews24 сатиралык паблигинин автору Енсебекти бошотууга чакырды
"Эч кандай кылмыш жок, бийликтин кылмыш-жаза укугунан кыянат пайдаланганын гана көрүүдөбүз", - деп айтты уюмдун Борбор Азия боюнча изилдөөчүсү Мира Ритман.
Енсебек акаарат сөздөр камтылган "Йоу, орыстар" деген ыры үчүн тергөөгө алынган. Сатиралык пост орусиялык теле алып баруучу Тина Канделакинин Казакстанда орус тили кодулоого туш болууда деген сөздөрүнө жооп катары жазылган. Ырга Казакстанда тыюу салынган эмес.
HRW Енсебекти коргоп чыккан кишилердин административдик камакка алынышына да көңүл бурган.
Алсак, Руслан Бикетов жана Асем Жапишева Алматыда 15 суткага камалган. Пикетке чыккандар Енсебек жогорку кызматтардагы аткаминерлердин дарегине айтылган курч тамашалары үчүн куугунтукталып жатканын айтышууда.
Полиция Енсебек сатира үчүн айыпталбаганын, аны колдогон активисттер тынч акцияларды өткөрүү тартибин бузганы үчүн жоопко тартылганын билдирди.
Темирлан Енсебек 17-январда камалган жана үйүндө тинтүү жүргүзүлгөн. Анын адвокаты Жанара Балганбаева социалдык тармактарга байкоо салган полиция кызматкеринин арызынын негизинде активистке каршы териштирүү башталганын билдирген.
Эгер күнөөлүү деп табылса, ага айып пул салынышы же эки жылдан жети жылга чейин эркинен ажыратылышы ыктымал.