Добавить новость
ru24.net
World News
Февраль
2025
1 2 3 4 5 6 7 8 9 10 11 12
13
14
15
16
17
18
19
20
21
22
23
24
25
26
27
28

Президеттин иш башкаруучусу “ЭлКатка” Баясовду убактылуу директор кылып дайындады

0
Кыргызстандагы “ЭлКат” компаниясынын жетекчиси алмашып, Мамлекеттик ипотекалык компаниянын төрагасынын мурдагы орун басары Нурадил Баясов ишкананын убактылуу жетекчиси болуп дайындалды.


Тиешелүү чечимге Президенттин иш башкармалыгынын башчысы Каныбек Туманбаев 11-февралда кол койгону белгилүү болду. Документте мындай чечим Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) 10-февралдагы катын эске алуу менен чыгарылганы жазылган.


Маалыматты “Азаттыкка” Нурадил Баясов ырастады.


“Убактылуу ушундай чечим кабыл алынды. Себеби, укук коргоо органдары тергөө иштерин жүргүзүп жатышат. Ушул жуманын аягы менен тергөө иштери бүтсө маалымат беришет го. Мен “ЭлКаттын” ишин туура алып кетүү жана коопсуздукту камсыз кылуу үчүн дайындалдым”, - деди ал.


Kaktus.media порталы укук коргоо органдарындагы булактарына таянып УКМК “ЭлКат” компаниясынын кеңсесин тинтип, мурдагы директору Уланбек Толубаевди, негиздөөчүлөрү Зикирали Кенжебаев жана Сергей Шмелевду кармап кеткенин жазды.


Атайын кызмат жана ишкана азырынча комментарий бере элек.


“ЭлКат” - Кыргызстандагы ири интернет-провайдер. Ишкана чоң-чоң компанияларга, чакан жана орто ишканаларга, мамлекеттик уюмдарга, Кыргызстандагы уюлдук операторлорго жана ири эл аралык уюмдарга кызмат көрсөтөт.


“ЭлКат” ачык акционердик коомунда мамлекеттин үлүшү жок. (BTo)




 



Moscow.media
Частные объявления сегодня





Rss.plus




Спорт в России и мире

Новости спорта


Новости тенниса
ATP

Во Франции на теннисном турнире ATP показали флаг России






Сеть клиник «Будь Здоров» вошла в топ-100 лучших работодателей России по версии HeadHunter

В Петербурге стартовали первые крупные гастроли театра «Шалом»

Синоптики сообщили о солнечной и сухой погоде в Москве 12 февраля

Приморцы стали пользоваться нейросетями в 3 раза больше, выяснили аналитики Yota