Дастан Бекешев Орусияда кыргыз мигранттарынын укугу бузулуп жатканын айтты
Ал Орусия Кыргызстандын стратегиялык өнөктөшү экенин, “бирок кыргыз жарандарына дүйнөдө бир да мамлекет киргизбеген чектөөлөрдү колдонуп жатканын” билдирип, маселени чечүү керектигин кошумчалады.
“Бул геосаясат, тышкы саясат. Муну мамлекет башчылары чечүүгө тийиш. ЕАЭБде мындай болбошу керек”, – деди ал.
“Азаттыкка” Орусияда иштеп жүргөн кыргыз мигранттарынын бир нечеси кайрылып, документтери так экенине карабай банк картасы иштебей калганын, каражатын ала албай жатканын айтып даттанышкан. Алар көзөмөл реестрине жаңылыш кирип калганын билдирип жатышат.
ТИМ 5-февралда Орусияда жүргөн 67 миңге чукул кыргызстандык көзөмөлгө алынган адамдардын реестрине киргизилген жана алардын көпчүлүгүнүн банк карталары бөгөттөлгөнүн маалымдады. Мекеме алар аталган реестрден чыгып, банк карталарын бөгөттөн чыгаруу жана башка чектөөлөрдү алып салуу үчүн өздөрүнүн укуктук макамын жөнгө салууга - Орусияда жүрүү укугун мыйзамдаштырууга же Орусиядан чыгып кетүүгө тийиш экенин эскертти.
Кыргызстандын Орусиядагы элчиси Кубанычбек Бөкөнтаев Орусияда кабыл алынган жаңы миграциялык мыйзамдарды колдонууда бул маселе саясий өңүткө өтүп кетпеши керектигин айткан.
Расмий маалыматтарга ылайык, Орусияда Кыргызстандын 334 миңдей жараны миграцияда жүрөт.
Беларус, Казакстан, Орусия 2010-жылы Бажы биримдиги катары түзгөн Евразия экономикалык биримдикке (ЕАЭБ) Кыргызстан менен Армения 2015-жылы кошулган. Кыргыз өкмөтү ЕАЭБге мүчө болгондо төрт эркиндик берилерин, алар - жарандардын, товардын, тейлөө кызматтарынын жана капиталдын беш өлкө аймагында тоскоолдуксуз жүрүшү экенин жарыялаган. (BTo)