Добавить новость
ru24.net
World News
Февраль
2025
1 2 3 4 5 6 7 8 9 10 11 12 13 14
15
16
17
18
19
20
21
22
23
24
25
26
27
28

Чүйдө “Йакын-Инкар” экстремисттик кыймылынын төрт мүчөсү кармалды

0
Чүй облусунун ички иштер башкы башкармалыгы экстремисттик материалдарды даярдоого жана таратууга шек саналып Кыргызстанда тыюу салынган “Йакын-Инкар” диний-экстремисттик кыймылынын мүчөлөрү кармалганын билдирди.


Облустук милициянын маалыматы боюнча, 10-февралда интернетте “Несомненное” аталышындагы баракчада экстремисттик көз карашты камтыган видео аныкталган. Бул факт Москва райондук ички иштер бөлүмүнө Кылмыш-жаза кодексинин 332-беренеси (“Экстремисттик материалдарды даярдоо, таратуу”) менен кылмыш иши козголгон.


Соттук-лингвистикалык экспертизанын корутундусуна ылайык, жарыяланган тасмада экстремисттик көз карашты камтыган чакырыктар бар экени такталып, ал “Йакын-Инкар” уюмуна таандык экени аныкталган.


Милиция кызматкерлери менен Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) Чүй облусу боюнча башкармалыгынын кызматкерлери жүргүзгөн ыкчам-иликтөө иштеринде экстремисттик материалдарды даярдоого жана таратууга тиешеси бар төрт (1983-жылы туулган К.Б., 1971-жылы туулган К.Б., 1978-жылы туулган С.К. жана 1983-жылы туулган Р.А.) адам кармалып, убактылуу кармоо жайына киргизилди. Алардын жашаган жерин тинтүү жүргүзүлүп, иш боюнча далил заттар алынган.


Ушул тапта Кыргызстанда соттун чечими менен террорчул жана экстремисттик уюм катары ишине тыюу салынган диний бирикмелер: “Ал-Каида”, “Чыгыш Түркстан Ислам кыймылы”, “Күрт элдик конгресси” (Конгра-Эл), “Чыгыш Түркстанды бошотуу уюму”, “Хизб ут-Тахрир ал-Ислами” (Ислам боштондук партиясы), “Жихад тобу” (Ислам жихадынын бирикмеси), “Түркстан Ислам партиясы” (Өзбекстан Ислам кыймылы), “Мун чиркөөсү”, “Жайшүл-Махди” (Махдинин аскери), “Жунд-Ал халифат”, “Ансаруллох” (Алланын жардамчлары), “Ат-Такфирвал-хижра”, “Акромия”, “Саид Бурятскийдин (А. Тихомировдун) пропагандалык-үгүттөө материалдары жана ишмердүүлүгү”, “Ишим – Ирак, Шам Ислам мамлекети” (ИГИЛ), “Жабхат Ан-Нусра” (Жеңиш фронту), “Катибат Ал-Имам Ал-Бухари” (Имам бухарий батальону), “Жаннат Ошиклари” (Бейишке умтулгандар), “Жамаат Ат-Таухид вал-жихад”, “Йакын инкар”. (BTo)




 



Moscow.media
Частные объявления сегодня





Rss.plus




Спорт в России и мире

Новости спорта


Новости тенниса
WTA

Азаренко проиграла в первом круге турнира WTA-1000 в Дохе






В России создадут инструмент для инвестирования в биткоин

В Госдуме отреагировали на объявление о соперниках сборной России

«Игра королей» на снегу: Relax FM приглашает в мир элегантного отдыха

«Определён главный вектор». Крым готовится к высокому курортному сезону, справляясь со всеми вызовами