Депутат Айдаралиев өкмөттү мектеп рэкетчилигине каршы күрөштү күчөтүүгө чакырды
“Директорлор иштей албаса алмаштырыш керек. Укук коргоо органдарынын кызматкерлери мектептерде балдар менен сүйлөшүп, тарбиялык сааттарды өтсүн. Келечек муунду азыр карабасак кийин кеч болуп калат”, – деди ал.
Ош облустук ички иштер башкармалыгы Кара-Суу районунда 9-класстын окуучусунун өлүмү боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 130-беренеси (“Ден-соолукка оор залал келтирүү”)беренеси менен кылмыш иши козголгонун билдирди.
Милициянын маалыматына ылайык, 12-февралда Кара-Суу райондук ички иштер бөлүмүнө Манас айыл аймагынын Каратай айылындагы орто мектептин имаратынын алдында 9-класстын окуучусу жыгылып, каза болгону тууралуу маалымат түшкөн.
Күбөлөр №39 мектептин окуучулары пикир келишпестиктен улам уруша кетип, 9-класстын окуучусу ур-токмокко кабылып, эсин жоготуп кулап калганын айтышкан. Тергөөнүн алгачкы маалыматтарына караганда, маркумду ошол эле мектептин 17 жаштагы окуучусу (Р.Н.) сабаганы аныкталган. Ал шектүү катары кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Тергөө иштери уланып жатат.
Жакында эле Бишкектеги №72 орто мектептин окуучусу ур-токмоктон каза болгону айтылып, “Ден соолукка оор залал келтирүү” беренеси менен кылмыш иши козголгон.
Ички иштер министрлигинин 2024-жылдын он айында 75 өспүрүм өз өмүрүн кыйганын маалымдаган билдирүүсүнөн соң суицидге барган балдардын жакындары өспүрүмдөр мектептеги чоңсунуунун, рэкетчиликтин айынан өзүнө кол салышканын билдиришкен. ИИМ балдардын ата-энелери миграцияда болгонун негизги себеп катары көрсөткөн. (BTo)