Добавить новость
ru24.net
World News
Февраль
2025
1 2 3 4 5 6 7 8 9 10 11 12 13 14 15 16 17 18 19 20
21
22
23
24
25
26
27
28

ИИМ мектептерге камера коюлуп, бирдиктүү тутумга кошуларын маалымдады

0
Кыргызстандагы ар бир мектепке байкоо камералары орнотулуп, ал Ички иштер министрлигинин бирдиктүү тутумуна кошулат. Бул тууралуу Жогорку Кеңештеги Социалдык саясат боюнча комитеттин жыйынында ички иштер министринин орун басары Нурбек Абдиев билдирди.


“Биздин кызматкерлер күнү-түнү байкоо салып турушат”, - деди Абдиев.


Ал ошондой эле балдар арасындагы зордук-зомбулукка байланыштуу 30дан ашык жетекчи кызматтан бошотулуп, 40тай кызматкерге тартиптик жаза берилгенин айтты, бирок бул канча убакыт аралыгындагы көрсөткүч экенин тактаган жок.


Билим берүү жана илим министри Догдургүл Кендирбаева 2200дөй мектептин баарында жашы жете электер менен иштөөчү инспектордун бөлмөсү ачыла турганын маалымдады.


Депутат Элдар Абакиров балдардын күндөлүгүнө же күн сайын колдонгон башка буюмдарына буллингге кабылган учурда кимге кайрылып, кандай аракеттерди көрүү керектигин түшүндүргөн колдонмону жазып коюуну сунуштады.




Министр Кендирбаева бул боюнча атайын уюлдук тиркеме даярдалып жатканын билдирди.


Кыргызстанда өспүрүмдөрдүн чатакташуусунан, мектептеги чоңсунуудан улам балдардын өлүмү менен коштолгон окуялар акыркы убакта арбын катталды.


Билим берүү министрлиги бул окуялар боюнча мугалимдер, жетекчилер жоопкерчиликке тартылганын билдирүүдө.



ИИМдин маалыматына ылайык, өткөн жылы он айда Кыргызстанда 75 бала өз жанын кыйган. Алардын жакындары балдары мектептеги чоңсунуудан улам суицидге барганын айтышса, милиция аны четке каккан.



Moscow.media
Частные объявления сегодня





Rss.plus




Спорт в России и мире

Новости спорта


Новости тенниса
Елена Рыбакина

Елену Рыбакину «лишили» четвертьфинала топового турнира






юра и бандитка ип

Власти РФ запланировали резко снизить траты из ФНБ в 2025 году

Цвет ландышей, пластмассовая «колбаса». Крупный завод Алтая феерично показал, как работает химпром

корешки и вершки