Барскоондо асынган абалда табылган окуучу кыз ооруканада каза болду
“2025-жылдын 5-февралында саат 12:40 чамасында Жети-Өгүз РИИБге Жети-Өгүз райондук ооруканасынын тез жардам бөлүмүнөн билдирүү келип түшкөн. Анда Барскоон айылынын 2007-жылы туулган жашоочусу жипке асынып, оор абалда жандандыруу бөлүмүнө жеткирилгени маалымдалган. Билдирүү Жети-Өгүз РИИБдин МЭЖне катталып, тергөөгө чейинки текшерүү иштери башталган”, - деп айтылат милициянын билдирүүсүндө.
Милициянын маалыматына караганда, окуя Барскоон айылындагы орто мектептин спорт (күрөш) залында болгон. Темир турникке асынган абалда табылган кызды дене тарбия мугалими көрүп калып, жипти чечип, өмүрүн сактап калууга аракет кылган. Тез жардам чакыртылып, кыз ооруканага жеткирилген.
Учурда милиция Кылмыш-жаза кодексинин 128-беренеси (“Өзүн өзү өлтүрүүгө жеткирүү”) боюнча кылмыш ишин козгоп, тийиштүү соттук-медициналык экспертизалар дайындалды. Тергөө уланып жатат. (TSh)