Добавить новость
ru24.net
World News
Февраль
2025
1 2 3 4 5 6 7 8 9 10 11 12 13 14 15 16 17 18 19 20 21
22
23
24
25
26
27
28

Казакстанда Назарбаевдин кудасына козголгон кылмыш иштери токтотулду

0

Казакстанда олигарх, экс-президент Нурсултан Назарбаевдин бир кездеги кудасы Кайрат Боранбаевге ачылган кылмыш иштеринин баары жабылды. Бул тууралуу Каржы мониторинги боюнча агенттиктин төрага орун басары Женис Елемесов билдирди. Анын айтуусуна караганда, бардык териштирүүлөр да токтотулду.

Олигарх бюжеттик каражатты кымырып алууга жана салык төлөөдөн качууга айыпталып жаткан.

Елемесов кошумчалагандай, "келтирилген зыяндын орду толугу менен толтурулгандыктан, салык төлөөдөн качуу боюнча иш жабылды". Ал эми калган дооматтар боюнча да ишкер өз ыктыяры менен келтирилген зыяндын ордун толуктаганы маалым болду.

2023-жылы сентябрь айында Астана соту Боранбаевди алты жылга эркинен ажыратып, мүлкүн конфискациялоо чечимин чыгарган. Ал бирөөнүн мүлкүн ээлеп алуу жана кылмыштуу жол менен табылган акчаны адалдаштыруу беренелери боюнча күнөөлүү деп табылган.

Кийин ал "орус газын сатып алууда акча кымырып алган" деген айып менен дагы сегиз жылга кесилген.

Көп өтпөй анын түрмөдөгү мөөнөтү шарттуу жазага алмаштырылган. Мунун алдында Боранбаев өзүнүн ири активдерин мамлекеттин эсебине өткөрүп бергени кабарланган.

Алардын арасында Астанадагы мейманкана комплекси, фитнес-борборлор түйүнү, мунай иштетүүчү компания жана Казакстандын батышындагы мунай кени бар эле.

Андан тышкары ишкен 60 миллиондой доллар мамлекеттик фондго төккөнү маалым болгон.

2023-жылы ноябрь айында ал эркиндикке чыккан. 54 жаштагы Боранбаев Назарбаевдин жакын чөйрөсүнө кирген. Анын кызына Назарбаевдин тун кызы Дариганын уулу, маркум Айсултан үйлөнгөн.




Moscow.media
Частные объявления сегодня





Rss.plus




Спорт в России и мире

Новости спорта


Новости тенниса
Юлия Путинцева

Путинцева сотворила сенсацию на турнире в Дубае






Экс-глава МИД Чехии: диалог Москвы и Вашингтона говорит о победе России

10 самых больших машин в мире и в России

В Союзе садоводов рассказали, какие овощи можно вырастить в квартире весной

В Москве открылась выставка ARTDOM: рассказываем, что посмотреть