Добавить новость
ru24.net
World News
Февраль
2025
1 2 3 4 5 6 7 8 9 10 11 12 13 14 15 16 17 18 19 20 21 22 23 24
25
26
27
28

Адвокат Самат Матцаков тил каттын негизинде камактан чыкканы кабарланды

0
24-февралда Бишкек шаардык соту камактагы адвокат Самат Матцаковдун бөгөт чарасы боюнча анын адвокаттарынын арызын карады. Жыйынтыгында Матцаковду тергөө абагында кармоо тууралуу бөгөт чарасы өзгөртүлүп, ал эч жакка кетпөө тууралуу тил каттын негизинде бошотулду.



Бул тууралуу отурумга катышкан "Кылым шамы" укук коргоо уюмунун жетекчиси Гүлшайыр Абдирасулова Фейсбуктагы баракчасына жарыялады.




Бишкек шаар сотунун чечими тууралуу соттун кеңсеси маалымат бере элек.


Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) камакта жаткан ишкер Имамидин Ташовдун, үч жылга кесилген акын Аскат Жетигендин жана пробациялык жаза алган журналист Актилек Капаровдун адвокаты Самат Матцаковду былтыр 29-ноябрда кармаган.



Атайын кызмат адвокатка козголгон иш тууралуу алты күндөн кийин гана, 5-декабрда маалымат берип, ага Кылмыш-жаза кодексинин “Алдамчылык” жана “Документтердин жасалмасын жасоо” беренелери менен кылмыш иши козголгонун кабарлаган. Матцаков өзүнүн кармалышын абактагы ишкер Имамидин Ташовдун ишине байланыштырып, күнөөсү жок экенин билдирген.




Биринчи май райондук соту анын бөгөт чарасын 30-ноябрга караган түнү карап, 30-декабрга чейин УКМКнын тергөө абагына камакка алган. Декабрдын соңунда Матцаковдун камактагы мөөнөтү 28-февралга чейин узартылган.



Мындан соң Матцаковдун адвокаттары аны кармоонун мыйзамдуулугу жана абакка камоо тууралуу чечимдерге каршы Бишкек шаардык сотуна апелляциялык арыз жазышкан. (ZKo)




 



Moscow.media
Частные объявления сегодня





Rss.plus




Спорт в России и мире

Новости спорта


Новости тенниса
ATP

Андрей Рублев дошел до финала теннисного турнира ATP в Дохе






Хуснуллин: Участок трассы М-12 до Екатеринбурга планируется открыть к концу июня

В Москве четыре новостройки по реновации возводят в районе Коптево

Дитя женщины-деспота: что делать, если твой мужчина «маменькин сынок»

В продаже появился очень редкий Peugeot 207