Добавить новость
ru24.net
World News
Февраль
2025
1 2 3 4 5 6 7 8 9 10 11 12 13 14 15 16 17 18 19 20 21 22 23 24
25
26
27
28

АКШ менен Өзбекстан "минералдарга жана өзөктүк технологияга инвестиция салуу мүмкүнчүлүгүн" талкуулашты

0

Кошмо Штаттар "маанилүү минералдарга жана жарандык өзөктүк энергетикага инвестиция салуу үчүн эки тарапка тең пайдалуу мүмкүнчүлүктөрдү карап чыгуу үчүн" Өзбекстан менен кызматташууга кызыкдар. Бул тууралуу АКШнын мамлекеттик катчысы Марко Рубио Өзбекстандын тышкы иштер министри Бахтиёр Саидов менен телефондон сүйлөшкөндө айтты.

Мамдепартаменттин сайтына чыккан маалыматта Рубио ошондой эле расмий Ташкентке "мыйзамсыз миграцияга каршы күрөштөгү кызматташтык жана террорчулукка каршы бирдиктүү аракет үчүн" ыраазычылык билдирген.

Өз кезегинде Саидов Өзбекстандын Тышкы иштер министрлиги жана Мамлекеттик департамент "эки өлкө ортосундагы бардык тармактарда стратегиялык өнөктөштүктү кеңейтүүнү улантарын" баса белгиледи.

Буга чейин АКШ жаңы администрациясы Азия өлкөлөрүнөн барган 100дөн ашык мигрантты Панамага депортациялаганын эл аралык медиа жазган.

Акыркы жылдары Мексика аркылуу АКШга мыйзамсыз барган чет элдиктер, анын ичинен борборазиялыктар арбыган. Алар мындай кооптуу жол менен Мексикага жетип, андан ары CBP One тиркемеси аркылуу АКШга киргенге аракет кылышчу.

"Азаттыктын" өзбек кызматы буга чейин АКШда жашаган 975 өзбек жараны мыйзамсыз иммигрант катары депортацияланышы мүмкүн экенин жазган. Расмий маалыматка ылайык, 2023-жылдын сентябрынан 2024-жылдын сентябрына чейин АКШдан Өзбекстанга 572 адам депортацияланган.

Быйыл 20-январда президент Дональд Трамп кызматка киришкен күнү тиркеме жабылып, ага чейин катталгандардын тизмеси жокко чыгарылган. Натыйжада АКШ Мексика менен чек арасына миңдеген аскерлер жайгаштырылып, дубалга тикенек зым орнотулуп жатканы кабарланган.

АКШнын өзүндө мыйзамсыз мигранттарга каршы рейддер жүрүп, депортациялар күч алууда. Президент Трамп иммиграцияга жана Мексика менен чек арага байланыштуу жарлыктарын АКШнын улуттук коопсуздугун жана суверендүүлүгүн коргоо аракети катары түшүндүргөн.

Эл аралык уюмдар, мигранттар менен иштеген бирикмелер жана мамлекеттик мекемелер жарандарга эмгек миграциясына мыйзамдуу жол менен гана барууну такай эскертет.




Moscow.media
Частные объявления сегодня





Rss.plus




Спорт в России и мире

Новости спорта


Новости тенниса
WTA

«Мечта осуществилась»: Андреева выиграла турнир в Дубае и ворвалась в топ-10 рейтинга WTA






Больше трети челябинцев поддержали сокращение выпускных экзаменов для девятиклассников

В продаже появился очень редкий Peugeot 207

Россиянку приговорили к 15 годам за оставление младенца в Анталье

Офицеры Главного управления Росгвардии по Московской области удостоены государственных и областных наград